Пример HTML-страницы

Ош—Бишкек жолунда айдоочу менен 9 айлык кыз жан берди

Акыркы жанылыктар

TurmushОш—Бишкек унаа жолундагы жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен 2 адам каза болду. Бул маалыматты Жалал-Абад ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкташты.

Маалыматка караганда, жол кырсык 22-сентябрда Ош—Бишкек жолунун 220-чакырымында, тактап айтканда Ала-Бел ашуусунда болгон. Кырсык тууралуу билдирүү Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнө түшкөн.

Кара-Көл шаарынын 29 жаштагы тургуну Т.И. «Мазда 6» үлгүсүндөгү унаасы менен Бишкек багытында бара жатып, рулду башкара албай, карама-каршы тилкеге чыгып, Ош багытында келе жаткан «Субару Легаси» менен кагышкан. Экинчи унааны Бишкек шаарынын 1976-жылы туулган тургуну О.Н. башкарып келе жаткан. Кырсыктын кесепетинен «Субару Легасинин» жүргүнчүсү — 2021-жылы 9-декабрда төрөлгөн А.А. (кыз бала) менен «Мазданын» айдоочусу окуя болгон жерде көз жумду.

Кырсыктан жаракат алгандар:

— «Субару Легаси» унаасынын жүргүнчүсү — Токтогул районунун Арал айылынын 1993-жылы туулган тургуну А.Э. (аял киши);

— «Субару Легаси» унаасынын жүргүнчүсү — Бишкек шаарынын Көк-Жар кичи районунун 1972-жылы туулган тургуну К.Р. (аял киши):

— «Субару Легаси» унаасынын айдоочусу О.Н.

Алар Токтогул райондук жалпы дарыгерлер практикалоо бөлүмүнө жаткырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE