Пример HTML-страницы

Нарын шаарында эски күмбөз сүрдүрүлүп, ордуна жаңы мечит салынды

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын шаарынын төмөнкү Ак-Коргон аймагында эски мүрзөлөр сүрдүрүлүп, ордуна жаңы мечит курулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы.

Ачылыш аземге казынын орун басары Кумарбек Орозалиев, мечиттер адиси Фасихидин Халимов жана жергиликтүү тургундар катышты.

Нарын казыятынан билдиришинче, бул мечитте жума намазы окулбайт. Себеби, ушул эле чөлкөмдөгү «Зияд бин Торик» мечитинде буга чейин жума намазы окулуп келгендиктен, ошол боюнча калтырылды.

Бир чөлкөмдөгү эки мечитке Сыймык Мирбек уулу имамдык кылат.

Жаңы мечиттин жалпы аянты 260 чарчы метр, жер төлөсү менен курулду. «Арстанбек» мечити деп аталды.

Эскерте кетсек, бул мечиттин орду эски күмбөз болгон. 2022-жылдын Орозо айында күмбөздөр сүрдүрүлүп, шаар бийлиги тарабынан колдонууга берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE