Пример HTML-страницы

Малина менен кулпунайдын мекени болгон Кызыл-Туу айылынын аталышы кайдан келип чыккан?

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Сокулук районундагы малина менен кулпунайдын мекени аталган Кызыл-Туу айылынын аталышы тууралуу эл оозунда эки версия бар.

Айыл тургундарынын бири Насредин Бакирдиновдун айтымында, бул аймакка Күн-Туунун тукуму тараган.

«Кызыл-Туу айылы качан түптөлгөнү боюнча так маалымат жок. Ак сакалдарыбыздын айтымында, Кызыл-Туу айылынын аталып калышынын эки версиясы бар. Биринчиси, 1919-1920-жылдары совет өкмөтү орногондо, Кызыл армиянын катарында кызмат кылган ушул айылдын балдары келип, кызыл тууну орнотушкан дешет. Ошол кызыл туу орногон деген жер азыр аӊ сыяктуу болуп турат. Айылдын жогору жагында.

Буга чейин Солтонун баласы Күнтуунун тукумунан тараган Токбай, Карамерген, Чоӊмурун, Кулболду, Дандыбай деген беш уруунун кишилери жашашкан. Анан тоого чыгып, Көнөктүн ичи, Жыламыштын чыгыш жак бети, Куркөӊдөй деген жерде кыштап, жазгы маал Кызыл-Аскердин аймагына барып жашашкан. Кызыл тууну орноткондон кийин ошол туунун тегерегине келип, Кызыл туу, Ысмайыл, Новь деген 3 колхоз болуп, ушул 5 уруунун эли отурукташкан. Кийин «Путь коммунизм» колхозу болуп бириккен экен.

Экинчи версиясы боюнча айтсак, эмгек «Кызыл туу» белгиси. Союз мезгилинде мыкты иштегендерди «Кызыл туу» менен сыйлашчу. Ошол «Кызыл тууну» жергиликтүү эл жеӊип алышкан деп айтышат. Ошондон улам Кызыл-Туу деп аталып калган дешет», — деди ал.

Насредин Бакирдинов кошумчалангандай, Улуу Ата Мекендик согуштан кийин айылга Кавказдан көчүп келген чечен эли жашаган. Ал эми 1969-1970-жылдары уйгур туугандар келишкен.

«Алардын көбү көчүп кетишти. Чечендер өз жерине кетип, 15-20 түтүн эле калды. Уйгур туугандар дагы чогулуп, жер которуп кетишти. Карапайым эл көбүнчө талаа иштетип, мал кармашат. Бизде өзгөчө малина, кулпунай жакшы түшүм берет. Сапаты жакшы болгону үчүн Россия, Казакстанга чейин кетет.

Кызыл-Туудан чаар ат деген уламыш болуп калды. Ал ат кадимки Шабдан баатырдын ашында 1-орунга чыгып берген. Бул жерден Социалисттик эмгектин баатыры Бейшеналы Кулов, Улуу Ата Мекендик согуштун баатыры Павел Свечников жана башкалар чыккан. Санап отурса, атактуу, көсөм, илимдүү, кыйын кишилер көп чыккан», — деди ал.

Кызыл-Туу айыл аймагына Маловодный, Новый, Кара-Сакал, Токбай жана Кызыл-Туу айылдары карайт.

Айыл өкмөттүн берген маалыматы боюнча, Кызыл-Туу айылында 8701 киши жашайт. Алардын ичинен 7379 кыргыз, 25 өзбек, 645 орус, 7 дунган, 225 уйгур, 12 татар, 16 казак, 40 тажик, 352 карачай бар.

Айыл аймакта 4 мектеп, 1 бала бакча, 3 ФАП, 1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору, 2 дарыкана, 1 маданият үйү, 1 китепкана бар.

Айыл өкмөттүн бюджети 2021-жылы 12 млн 625 миӊ сом болсо, 2022-жылы 12 млн 916 миӊ сом болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE