Пример HTML-страницы

Кыз-келиндерге кол өнөрчүлүктү үйрөткөн Кеңешбек Кылчыкбаев эмгектерин Америкага экспорттойт

Акыркы жанылыктар

TurmushАк-Суу районунун Сырт өрөөнүндө жайгашкан Эңилчек айылынын 73 жаштагы тургуну Кеңешбек Кылчыкбаев элетте жумушсуздукту жоюу үчүн кыз-келиндерге кол өнөрчүлүктү үйрөткөн. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.

«Мен Ак-Суу районунун Ак-Булак деген айылынан болом. Мектепти аяктаган соң, Бишкектеги медициналык институтта билим алдым. Окууну аяктаган соң, 23 жашымда мени чек ара бекеттерине иштөөгө жиберишти. Анан өзүң туулуп-өскөн жериңе бар деп, Эңилчек айылына жөнөтүштү. Ал жакта башкы дарыгер болуп эмгектендим. Союз тарап, Эңилчекте жумушсуздук күч алды. Мен ошол кезде боз үй, шырдак, кийиз жасап иштеп калдым. Анан «Илбирсти коргоо» коому деп келип калышты. Алар жүндөн өндүргөн продукциясын Америкага экспорттойт экен. Ошентип мен координатор болуп иштеп калдым. Таң калтырганы, колуна ийне кармаганды билбеген кыз-келиндер да бар экен. Мен аларга «Бул ийненин башы, бул жагынан жип өткөрүп, минтип тигебиз» деп үйрөткөм», — деди ал.

Айылдыктардын иши ийгиликтүү жүрүшүп, жылына эки жолу экспортко чыгышкан.

«Бизге ат, төө, илбирсти эки буттуу кылып жасоого үлгү алып келип беришти. Мен аны иштеп чыгып, төрт буттуу кылып сунуштасам, аларга жакты. Анан балдар кийчү кийиз чокойго (пинетка) топозду чагылдырып жасадым. Бул иштерибиз жагып, Жети-Өгүз районунун Ак-Шыйрак айылына жана Нарындын эки жерине жамаат түзүү үчүн кыска мөөнөттүү окууларды өттүм. Ошондой эле Ак-Суу районунун Каракол айылына да жамаат ачтык. Сувенир жасоо үчүн бардык керектүү каражаттар берилет. А биз аны жасап, жылына эки жолу сыртка экспорттойбуз. Ошентип, жылына айылга 1,5 миллион сомго чейин каражат келип жатты. Жамааттагы кыз-келиндер айлык алып, шыктанып иштешүүдө. Мен көзүм жакшы көрбөй калгандыктан кыздарга өткөрүп бердим. Бирок кеп-кеңешимди берип, үлгүлөрдү жасоого жардам берип турам», — деди ал.

Каарманыбыз Эңилчек айылы өсүүгө мүмкүнчүлүгү кенен аймак экенин айттып өттү.

«Союз тарагандан кийин айылда ишканалар токтоп, эл 20-30 жыл жумушсуз калышты. Анан мал чарбачылыгына өттүк. Ата-бабадан калган жер деп, эч ким таштап кете алган жок. Азыр эми Кытайдын эки ишканасы иштеп, жаштар ошол жакка жумушка орношуп жатышат. Негизи Эңилчек — кендин жери, өсүүгө бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Айыл эли үчүн эле эмес, мамлекеттин казынасын толтурууга мүмкүнчүлүктөр бар», — деди ал.

Кеңешбек Кылчыкбаев Эңилчек айыл аймагынын башчысы жана жергиликтүү кеңештин 3 жолку депутаты болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE