Пример HTML-страницы

Кыргызстандын «двоечниги» аталган Жумгалдагы мектептерде канча инвентарь жетишсиз?

Акыркы жанылыктар

TurmushЖумгал районунун аймагында 24 орто мектеп жана 25 бала бакча бар. Райондогу билим берүү уюмдары көп жылдан бери инвентарь менен камсыз болбогондугуна байланыштуу бул жаатта көйгөйлөр болуп келет.

Кечээ жакында эле иштен бошогон министр Каныбек Иманалиев Жумгалга болгон иш сапарында билим берүү мекемелеринин кызматкердерин жана жетекчилерин тилдеп, районду «двоечник» деп атаган. Буга айрым активисттер мынтип тилдөөдөн мурда мектептерди жабдуулар менен камсыздап, шарт түзүп берүүсүн айтып чыгышкан.

Бүгүнкү күндө учур талабы болгон технологияны пайдаланып, сабак өтүүдө компьютерлердин жана техникалык каражаттардын жетишсиздиги тоскоол болуп келет.

Райондо билим берүү мекемелериндеги компьютер менен камсыз болуусу 65 пайызды түзөт. Билим берүү уюмдарындагы инвентарлар өтө эскирип, жылда оңдоп-түзөп, кайрадан пайдаланып жаткан мектептер көп.

Жумгал райондук билим берүү бөлүмү борборлоштурган бухгалтериясы менен биргеликте болгондуктан, компьютер, принтер жетишсиз болуп, иш алып барууда тоскоолдуктар жаралып келет.

Жалпы райондогу билим берүү уюмдарына учурда керектелүүчү инвентарлар:

— Жумгал райондук билим берүү бөлүмүнө 20 даана компьютер, 2 даана интерактивдүү доска, 5 даана принтер, 1 даана проектор.

— Аз комплектүү 5 мектепке 375 даана парта, 750 даана отургуч, мугалимдер үчүн 25 даана стол жана стул, 50 даана шкаф, 25 доска, 5 даана интерактивдүү доска, 100 даана компьютер,10 даана проектор, 10 даана принтер;

— Толук комплекстүү мектептерге 1650 даана парта, 3300 даана отургуч, мугалимдер үчүн 100 даана стол жана стул, 220 даана шкаф, 110 даана доска, 22 даана интерактивдүү доска, 250 даана компьютер, 22 даана проектор, 22 даана принтер.

Мындан тышкары мектептердин китеп менен камсыздалышы 79,66 пайызды гана түзгөн. Учурда кыргыз тилдүү мектептерге 16 миң 565 даана китеп, орус тилдүү мектептерге 9265 даана китеп жетишсиз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE