Пример HTML-страницы

Кыргыз жигитине ашык болгон Ирина Россияны таштап келүүгө аргасыз болгон

Акыркы жанылыктар

Turmush«Жеңеке» рубрикасынын кезектеги каарманы — 21 жаштагы Ирина Абдылдаева. Ал кыргыз жигитин жактырып калганына байланыштуу Россиядагы ата-энесинен жана жакындарынан узап, Кыргызстанга келин болгон. Аны менен Turmush басылмасынын кабарчысы маек курду.

«Мен 2002-жылы 15-мартта Россиянын Москва облусуна караштуу Руза шаарында төрөлүп-өскөм. Азыркы тапта Кыргызстандын борбору болгон Бишкек шаарында жашайм. Буга чейин сулуулук салондордун биринде тырмак жасоо кызматын көрсөтүп иштечүмүн. Учурда кызымды карап, декреттик өргүүдөмүн. Муну менен катар кичинекей балдардын кийимин жарнамалаган Инстаграммдагы баракчаны алып барып, кошумча акча каражатын табам.

Жолдошумдун аты-жөнү Максат Абдылдаев, 1993-жылы 14-сентябрда туулган. Ортобузда 9 жаш айырма бар. Экөөбүз Москва шаарында чогуу иштеп, таанышып калганбыз. Алгач дос катары аралашып жүрүп, бири-бирибизге абдан жакын болуп кеттик. Күндөрдүн биринде ээрчишип алып, Москвадагы “Арман аралы” деген аттракционго барып калдык. Эң экстремалдуу жерине келгенде, ал “мен сени сүйөм” деп катуу кыйкырды. Ошентип, биздин сүйүү тарыхыбыз башталып, баш кошууга чейин алып келди», — деди ал.

Каарманыбыз нике кыюу, үйлөнүү той, келиндик доор тууралуу айтып өттү.

«Менин ата-энем: “Максат экөөңөр үйлөнгөн учурда гана Кыргызстанга жиберебиз” деген шарт коюшту. Тойго чейин өз каалоом менен ислам динин кабыл алып, нике кыйдырдык. Ал эми көпчүлүгүн кызыктырган махрга эч нерсе сураган жокмун. Бизде Россияда “махр” жана «калың» деген түшүнүк жок. Баарын жолдошумдум тандоосуна койдум. Ал мага алтын комплект белекке берди. Кийинчерээк кайненем мойнума алтын чынжырча такты. Үйлөнүү үлпөт тоюбуз Бишкек шаарында ислам дининин негиздеринин жана кыргыз салтынын алкагында өттү. Менин атама кыргыздын улуттук кийимин кийигизишип, эң сыйлуу конокторго делген учаа берилди.

Чынын айтсам, менин ата-энем Максатты дароо жактырып, татыктуу күйөө бала дешти. Ал эми жолдошумдун ата-энеси кыргыз келинин алууну каалашкан экен. Бирок биз жакыныраак таанышып, бири-бирибизге көнүп калган учурда, алар мени өз кызындай кабыл алышты. Кыргыздын үрп-адаты, каада-салтына көнүп калдым. Бул жактын маданияты такыр башка жана кызыктуу десем болот. Башыма ак жоолук салынып, кайната жана кайненеме жүгүнүп, оң колум менен чай сунам», — деди ал.

Ирина жаңы келин болгондогу эсте калган учурлар менен бөлүштү.

«Жаңы келин болуп келген учурда, кызыктуу окуялар көп эле болду. Тойдон кийин жолдошумдун жана менин туугандарым менен Чуңкурчактагы «Супара» этно-комплексине барып калдык. Туугандарыбыздын бири дасторкон үстүндө тост айтып жатып, “биз баарыбыз биригип, сага кыргызча үйрөтүп салабыз деп ойлогонбуз, бирок сен өзүң жалгыз баарыбызды орусча сүйлөтмөй болдуң” деп айтканы эсимде калыптыр (күлүп)», — деди ал.

Ал социалдык тармакта активдүү экенин айтат.

«Учурда бош убактым деле жок, мен дайыма бир иш менен алекмин. Үй жумуштары, бала тарбиялоо, интернет аркылуу иштөө, өзүмдү-өзүм өнүктүрүү дегендей. Эгер бош убакыт табылып калса, сейил багына, соода борборуна, туугандарыбыздын үйүнө конокко барып калабыз. Мындан сырткары китеп окуйм, өзүмдүн социалдык баракчама жаш келиндин жашоосун чагылдырган видеолорду жүктөйм.

Жолдошум кесиби боюнча ашпозчу. Азыркы тапта ресторандардын биринде башкы ашпозчу болуп эмгектенет. Буюрса, келечекке карай ой-максаттарыбыз көп. Өзүбүздүн жеке бизнесибизди түптөө, үй куруу, чет өлкөлөргө саякаттоо жана сүйүктүү кызыма ини жана сиңди төрөп берүү», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE