Пример HTML-страницы

Караколдуктар аттырбай койгон итти зоопаркка алып кетишти

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Самудин Абдраимов жаңы конушунда жаңы салынып жаткан үйдүн пайдубалына ит кирип, чыга албай калган. Ал 3 күндөн бери тынымсыз жаап жаткан жамгыр алдында калгандыгын жашоочулар билдирди.

«Ушундай жаанда 3 күн, 3 түн туруш оор да. Жаныбар болсо да боор ооруйт. Кечкисин ит аткан кызматы келгенде: «Түн ичинде, коомдук жайда атууга болбойт» деп, аттырууга макул болбой койдук. Анан тийиштүү органдарга кайрылганыбыз менен чара көрүлбөдү. Ушундан улам улам зоопарк кызматкерлерине кайрылдык», — деди шаар тургуну Алтынбек Молдогазиев.

Бүгүн, 30-май күнү саат 12:30 чамасында «Бугу эне» зоопаркынын кызматкерлери итти куткарып, алып кетишти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE