Пример HTML-страницы

Караколдо окуучулар көп жүргөн жерде кырсык катталды (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushКаракол шаарынын Жамансариев жана Салиев көчөлөрүнүн кесилишинде бүгүн, 2-февраль күнү болжол менен 12:15 чамасында жол кырсыгы катталды, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Анда кырсык «Хонда Фит» жана «Дэу Нексия» катышуусунда болгон. Күбөлөрдүн айтымында, кырсыктан жабыркагандар жок.

Ал аймакка мектеп жакын жайгашкандыктан окуучулар жол кырсыгына күбө болушкан. Мындан улам ошол аймакта жашаган тургундар бул кесилишке жол чырагын орнотуп берүүнү суранышууда.

«Бул жерден дайым унаалар жогорку ылдамдыкта өтүшөт. Окуучулардын коопсуздугунан коркобуз. Ушул жолдон мектеп окуучулары көп өтүшөт. Андыктан жол чырак, жасалма дөңсөө (лежачий полицейский) өңдүү белгилерин орнотулушун, ЖКККБдан кырсыктарды алдын алуу боюнча чараларды көрүшүн суранабыз», — дешет тургундар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE