Пример HTML-страницы

Каракол шаарында мектептердин айланасында жайгашкан дүкөндөр текшерилди

Акыркы жанылыктар

TurmushКаракол шаарында мектептердин айланасында жайгашкан дүкөндөрдө сатылып жаткан товарлар текшерилди, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Каракол район аралык ооруларды алдын алуу жана санитардык- эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун адистери тарабынан шаардагы 10 билим берүү мекемесинин жанындагы дүкөндөр текшерилген.

Алардын ичинен эки мектептин жанында соода түйүнү жок экени аныкталды. Калган 8 мектептин айланасындагы 10 дүкөндө соода-сатык иштеринин жүрүшү, санитардык-эпидемиялык абалы , продукциялардын сапаты текшерилди. Анда бир дүкөндө гана документтер толук бар экени тастыкталды. Калган дүкөндөрдө коопсуздукту тастыктаган декларация жок болуп чыккан.

Сапат сертификаты жок продукцияларды сатыктан алып салуу сунушталып, андан ары сатууга тыюу салынды.

Санитардык көрсөтмөнүн аткарылышы 10 күндүк ичинде кайра текшерилип, административдик чара көрүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE