Пример HTML-страницы

Кара-Көлдө Салык кызматынын кароосуз калган имараты бала бакчага айланат

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарына 2 жерге 3 саатык бала бакча ачылат. Бул тууралуу шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Алымкан Мырзалиева билдирди.

Анын айтымында, бала бакчанын бири шаардагы Салык кызматынын пайдаланбай турган корпусуна ачылат.

«Бул жерге 6 тайпа уюштурабыз. Аталган корпус көп жылдан бери пайдаланылбай, каралбай калган. Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган долбоор аркылуу оңдоо иштери жүргүзүлүп жатат. Мэрия чатырын жаап берсе, калган иштер долбоор аркылуу бүтүрүлөт. Бул долбоор Билим жана илим берүү министирлигинин долбоору», — деди ал.

Ал эми экинчи бала бакча Кетмен-Төбө айылындагы «Байчечекей» бала бакчасынын оңдолбогон имаратында ачылып, 2 тайпа уюштурулат.

Учурда эки жерде тең оңдоо иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE