Пример HTML-страницы

Каппадокиядагы муниципалитет жетекчиси Осман Сүслү Ысык-Көлдө бала бакча курууну чечти

Акыркы жанылыктар

TurmushТүркиянын Каппадокия шаарындагы Учхисар (кыргызча мааниси — үч сепил) муниципалитети менен Каракол шаарынын кызматташуусу уланып жатат. Шаарда жаз айында 90 орунга ылайыкталган жаңы бала бакчанын курулушун баштоо пландалууда. Ошондой эле шаардагы мамлекеттик музейди оңдоо максаты бар. Эки тарап туризм багытындагы кызматташууга да өтө кызыкдар.

Эки тараптын кызматташуусунун алкагында Учхисар муниципалитетинин жетекчиси Осман Сүслү Каракол шаарына иш сапары менен үчүнчү ирет келди.

31-январда мейман Осман Сүслү жана Каракол шаарынын мэри Эрмат Жумаев менен Бишкек шаарында маектештик.

  • Осман Сүслү аталган муниципалитеттин жетекчиси болуп экинчи мөөнөттө кызмат өтөп жатат. Ал эл тарабынан шайланган. Эми алдыда үчүнчү ирет талапкер болот.

Өнүккөн туризм тармагы менен таанылган Каппадокиядагы Учхисар аймагы Невшехир провинциясына карайт.

2022-жылдын 1-июлунда «Каракол – КМШнын маданий борбору» эл аралык программасынын салтанаттуу ачылышы болгон. Учхисар муниципалитетинин жетекчисинин Каракол шаарына болгон алгачкы иш сапары ушул саамалыкка туш келди.

Түзүлгөн келишимдин негизинде андан кийин Каракол шаарынын делегациясы — шаардык кеңештин депутаттары, ишкерлер 1 жумага Учхисарга барып келген.

Учхисар аймагынын жетекчилигинин делегациясы Караколго экинчи ирет Аксарай шаарынын мэринин орун басары Тайфун Челик менен бирге келип, 2022-жылдын 22-декабрында эки тараптуу келишимге кол коюлган болчу. Мунун алкагында Каракол шаарынын эки муниципалитет менен кызматташуу планы талкууланып, туризм багытындагы бир катар долбоорлорду ишке ашыруу макулдашылган.

Эми алдына 4 жылдык иш-чаралардын планын бекитүү максаты турат. Анда туризм, билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо тармактары камтылат.

Эки тараптын кызматташуусуна Учхисар Түркиядагы туризмдин борбору болуп эсептелген аймактардын катарында экени, ошондой эле Каракол шаары Ысык-Көл көлү менен миңдеген эс алуучуларды кабыл алганы себеп.

Каракол шаарынын мэри Эрмат Жумаев: — Осман бей биздин шаарда кышкы туристтик жармаңке уюштурууну сунуштады. Ага Түркия менен кызматташкан бардык туристтик операторлорду чакыруу планы бар. Азыр өнүктүрүү фонддору менен кызматташуу жүрүп жатат. Жыйынтыктар болгондо булардын баарын айтабыз.

Учурда Түркиянын 5 шаары — Кичиөрөн, Гебзе, Конья, Учхисар, Аксарай менен кызматташуу жүрүүдө.

Осман бей менен бирге стратегиялык так план түзүп, токтоп калбастан кызматташууну улантууну сүйлөшүп жатабыз.

Осман Сүслү: — Кыргыз жери жана кыргыз элин абдан жактырдым. Эли өтө меймандостук сапатка ээ экен.

Түркиядан 10 чакты туристтик компанияларды чакыруу менен Кыргызстанда чоң иш-чара өткөрүүнү каалайбыз. Буга Кыргызстандын коңшусу болгон Казакстан, Өзбекстандан да туризм тармагындагы эмгектенген тараптарды чакырып, кыргыз жери борбор болот деп ойлойбуз.

Биз кызматташуу үчүн Каракол шаарын тандаганыбыздын себеби — бул шаар туризм тармагында иштешип баштоо үчүн эң сонун аймак болуп эсептелет. Кыргыз мамлекети, өлкөнүн тарыхы тууралуу да окуу китептеринен билип баштаганбыз.

Мэр Э.Жумаев: — 2021-жылы, бир жылдан ашык убакыт мурун шаарыбыздын маданий өнүгүүсү үчүн Түркиянын, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын элчилигине кат жолдодук. Анда бул өлкөлөрдүн туристтик аймактарын бир туугандык мамиле түзүүгө чакырганбыз. Мындай сунуш бергенден кийин бизге жооп узаткан шаарлар менен алака түзүп баштадык. Алардын арасынан Учхисар Каппадокияда, туризмдин борбору да.

Эки багыттагы бир туугандык кызматташуунун алкагында Каракол шаарында жана Учхисар аймагында бала бакчаны куруу иштерин баштоону апрель айына пландап жатышат.

Маектешүүнүн алкагында Осман Сүслү тарыхы бай Ош шаарына да барып, таанышып чыгууну максат кылып жатканын айтты.

Эки аймактын жетекчилеринин маалыматы боюнча, алдыда стратегиялык, конкреттүү план түзүп, туризм багытындагы эл аралык чоң саамалык уюштуруу иштери турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE