Пример HTML-страницы

Көргөндү «ыйлатып», жүрөгүн ооруткан Ак-Талаадагы мамлекеттик имаратта кырсык катталды

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунда имараты кулайын деп калган Нарын район аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун Ак-Талаа райондук бөлүмүнүн лабораториясынын бир бөлмөсү өрттөнүп кетти. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, бул имарат 1967-жылы курулган. Имараттын эскилиги жеткендиктен улам, бүгүнкү учурда кулап калуу коркунучунда турат.

Аталган борбордун кызматкерлеринин айтымында, имараттын пайдубалы жерге кирип кеткендиктен көрүнбөй, дубалдарынан жарака кетип, баскан сайын силкилдеп турат. Ал тургай дубалдары тешилип, кагаз картондор менен жамалган. Полдору чирип, тешилип калган. Ал эми чатыры талкаланып калгандыктан жаан-чачын учурунда имараттын ичине шорголоп тамчы агат. Каалга, терезелери кажып, жазылбай калган. Имараттын үстү кермедей болуп ийилип турат.

Ал эми лаборатория бөлүмүнүн имаратында суу түтүктөр, канализациясы жок. Фин үлгүсүндө курулган. Жылытуу тутуму жок болгондуктан илгерки кантрамарка мештер менен жылытылат. Мештери дагы тешилген, жамачыланган. 2012-жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин райондук бөлүмү тарабынан түзүлгөн комиссия тарабынан имарат пайдаланууга жараксыз деп табылган.

«Има­ратыбыз абдан эски. Кулап калуу коркунучунда турат. Кудай сактасын, бирок Кудай дагы сактанганды сактайт. Катуурак жер титирөө болсо же кар жааса имарат кулап эле калат. Кызматкерлер коркунуч менен иш алып барышат. Пайдубалы жерге кирип жоголуп кеткен. Ушул имараттын ичинде кызматкерлер кандай иш алып барып жатышкандыгы белгилүү эле да. Күн сайын коркуу менен иштейбиз. Тешилген дубалдарын картон менен жамап алганбыз. 21-кылымда имаратты кагаз картон менен жамап-жазгап туруу шылдың да. Кулап калуу коркунучунда турган жайдын лаборатория бөлүмү өрттөнүп кетти. Мурдагы күнү жааган жамгырдан улам ичине тамчы агып, электр чубалгыларына тийип, натыйжада өрт чыгып, лабораториялык имараттын бир бөлмөсү өрттөнүп кетти», — деди нааразы болгон кызматкерлер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE