Пример HTML-страницы

Италиялыктарга келин болгон Бурмача Кыргызстанга келип, элден бата алууну көздөп жатат. Сүрөт

Акыркы жанылыктар

TurmushИталиялыктарга келин болгон 31 жаштагы Бурмачач Томоева жакында эле эне наамына болду. Ал учурда үй-бүлөсү менен Милан шаарында жашайт.

Каарманыбыз 1991-жылы Таластын Бакай-Ата районунда туулуп, ушул жерде өскөн. Үй-бүлөдө 4 бир туугандын улуусу, эки бала, эки кыз. Мектепте окуп жүргөн кезинде эле котормочу болууну кыялданчу. 2008-жылы Кыргызстан эл аралык университине тапшырып, аны ийгиликтүү аяктаган.

«Атам каза болуп, апам 4 баласы менен жалгыз калды. Мен апамдын оң колу болоюн, артымдагы бир туугандарыма жардам берейин деп, Италияга келгем. Негизи мен өзүмдүн кесибим боюнча иштейм деген ойдо келгем. Бирок жумуш табуу абдан оор болду. Биринчиден тил билишиң керек экен. Мен 3 жылдай тил жагынан кыйналып жүрүп көнүп кеттим. Башында келгенде ар түрдүү жумуштарда иштедим. Бала багып да иштеп жүрдүм. 2015-жылы Милан шаарында туризм багыты боюнча жумуш таап, иштеп баштадым. Анан 2015-жылдын аягында жолдошум менен таанышып калдым. Алгач экөөбүз 2 жыл дос болуп жүрдүк. Андан кийин 2 жыл кыз-жигит болуп сүйлөштүк. Качан гана бири-бирибизди сынап бүткөндөн кийин гана бир үй-бүлө болобуз деп чечим чыгардык. Экөөбүз баш кошобуз деп жатканда коронавирус башталып кетти. Анын бүтүшүн күттүк, эмнегедир токточудай эмес. Ошентип 2020-жылы турмушка чыктым. Башында апама жагдайымды айтсам, каршылык көрсөттү. Кыргыз жигитине эле тий деди. Бирок маңдайыма ушул адам жазылган экен. Кыргыз жигиттерди жолуктура алган жокмун. Жолдошумдун апасы дагы каршы болуптур. Ошентип сүйүүбүз каршылыктарды жеңип кетти десем болот. Эки жак тең коркуу сезимде болушту. Качан гана жакындан таанышкандан кийин коркуу сезимдерин жоюшту. Азыр кайненем менен абдан жакшы мамиледебиз. Кыргыздардай кайнене-келин деген көрүнүш жок. Келинди өз кыздарынан да бийик көрүшөт. Жолдошум Ружжеро Кермаски 36 жашта. Бул жактан эле досторубуздун, жакын адамдарыбыздын курчоосунда чакан той өткөрдүк. Булар үй-бүлөгө бекем келишет. Албетте, ал ар бир үй-бүлөнүн өзүнөн болот», — деди ал.

Каарманыбыз өмүрлүк жолдошуна Кыргызстанды, кыргыздын жашоосун көрсөтүүнү максат кылууда.

«Жолдошум Кыргызстанга бара элек. Буйруса жолдошумду алып барып, ал жактагы туугандардан бата алып, кыргызча той беребиз деп жатабыз. Өзүм дагы 10 жылдан бери бара элекмин. Айылымды сагындым, барып сагынычымды таркатып келсем деген тилегим бар. Ру кыргыздардын тоюн көрүп, кызыгып жатат. Мен дагы кереметтүү Ысык-Көлүбүздү көрсөтүп, Суусамырга алып барып, кымыз ичирип, кооз жерлерибизди көрсөтсөк деп кыялданам. Кыргызстанга өзүм барбай, үйдөгүлөр келип эс алып кетсин деп чакыргам. Сиңдим келип кетти. Андан кийин апамды чакырттык. Учурда апам Италияда. Үй-бүлөмдү Европаны кыдыртып, эс алдыртсам деген тилектерим орундалып жатат. Убагында апам каршылык көрсөткөн болсо, азыр ыраазы болуп батасын берип келет. Жолдошум Ру менин токтоолугумду, чечкиндүүлүмдү баалап, жактырган экен. Турмуш жолуна түшкөндөн кийин, «үйгө да аябай карамдуусуң» деп айтып калат. Буга ата-энебиз үйрөтүп, бышырган да. Кыргызда кыз кишини кичинесинен эле турмушка даярдашат эмеспи. Күйөөгө убагында тамак берип, кийимдерин таза кармоону ата-энебизден үйрөндүк да. Үйдүн атасына аял киши өзгөчө мамиле жасайт эмеспи. Бул жактан да ушуларды колдоном. Жолдошум ыраазы болуп, сүйүнүп калат», — деди ал.

Мекендешибиз жашоосуна ыраазы экенин, бактылуу экенин айтып, буларга токтолду.

«Жолдошум үй-бүлөгө карамдуу, ак көңүл жан. Учурда мен айдоочулук боюнча окуп жатам. Магистратурага тапшыргам. Бир сынак тапшырсам эле, дипломду колума алам деп отурам. Кечээ жакында эле кыздуу болуп, эне деген наамга ээ болдум. Кош бойлуу кезимде убакыт абдан жай өтөт экен. Кайненем ресторанга чакырып тамактандырат. Үй жумуштарын жасап, кийимдерди үтүктөй турган жардамчылар бар.

Келечекте жолдошум, балдарым менен Кыргызстанга бат-баттан барып турганга аракет кылабыз. Кыргыз келиндерине абдан ыраазы болуп отурам. Эмнеге дегенде өздөрү кош бойлуу болушса да, таң атпай туруп, үй жумуштарын жасап, балдарын карап, кайнене-кайнатасын багышат. Мен деле чет өлкөгө келип, биротоло калып калам деп ойлогон эмесмин. Иштеп, сагынсам кете берем дечүмүн. Башында кыйналып жүргөн убакта Кыргызстанга эле кетем дечүмүн. Азыр апам жанымда, бир туугандарым менен күнүгө видео аркылуу көрүшүп, сүйлөшүп турабыз.

Жаштарга айтар кеңешим, окуп, билим алып, тил үйрөнүп, чет өлкөлөргө чыгып кыдыргыла. Иштеп, ата-энеңерге жардам бергиле. Кыздарга турмуш жолуна түшкөнгө шашылбагыла демекчимин. Силер башка өлкөдө жүрсөңөр да, кыргыз жигитин маңдайыңарга жазып койсо, сөзсүз табышасыңар. Кыргыз жигиттери болобу, башка улуттун жигиттери болобу, айтор бак берсин деп тиленгиле демекчимин. Биз бул жактан кыргыз туугандар менен жолугуп, чер жазышып турабыз. Кыргыздын тамактарын жасап жеп, сагынычтарыбызды таркатып турабыз. Кыргыздарды жолуктуруп калсак, бир тууганыбызды көргөндөй сүйүнөбүз», — деди ал

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE