Пример HTML-страницы

Быйыл Түптө дагы 147 үй-бүлөгө 100 миң сомдон бериле турганы айтылды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 27-март күнү Ысык-Көл облусунун Түп районунда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев жергиликтүүлөр менен жолугушуу өткөрдү, деп билдирет аймактык кабарчы.

Анда жөлөк пулдар, персоналдык ассистент, жумушсуздук, социалдык келишим тууралуу маалыматтар берилип, тургундардын суроолоруна жооп берилди.

К.Базарбаев Түп районундагы 50 үй-бүлөгө берилген 100 миң сом өз максатына жеткенине токтолуп, 2023-жылы да 147 үй-бүлөгө 100 миң сомдон бериле турганын кошумчалады. Мындан тышкары, социалдык келишим менен иш алып барган үй-бүлөлөргө, чакан бизнесин мындан ары да өнүктүрүү үчүн пайызсыз 200 миң сомдон насыя берүү жагы каралып жатканын, ал ишке ашса жакырчылыктан чыгуу гана эмес, кошумча жүздөгөн адамдарды иш менен камсыз кылууга мүмкүнчүлүк түзүлөрүн айтты.

Райондук социалдык өнүгүү башкармалыгын үй-булө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн адиси Барктабас Абыкаев төмөнкүлөргө токтолду.

«Миграция боюнча отчеттуулукту жөнөкөйлөтүп берсек. Ай сайын эмес, кварталына отчет берип турсак. Айыл өкмөттөрдөгү социалдык кызматкерлер ар айдын 15нен баштап мигранттардын үй-бүлөсүн кыдыра башташат. Аталган үй-бүлөлөргө бизден башка фельдшердик-акушердик пункттун кызматкерлери 7 жашка чейинки балдарга, мектептин жамааты окуучуларга, жашы жете электердин иштери боюнча инспекциясынын өкүлдөрү өспүрүмдөргө барып, жеринен абалын сурап билишет.

Бизден, же айыл өкмөттөн миграциялык карта түзүлбөсө, балдарга башка көз болуп калган адамдардын жоопкерчилиги каралбай, алардын ата-энелери чет өлкөгө чыгарылбаса жакшы болмок», — деген сунушун киргизди.

Министр суроолорго жооп берип, жолугушуудан кийин курч маселелери менен кайрылгандарды жеке жолугушууга алып калды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE