Пример HTML-страницы

Бишкекте өлтүрүлгөн эне-балдар Лейлекте жерге берилди

Акыркы жанылыктар

TurmushБишкек шаарында мыкаачылык менен өлтүрүлгөн эне-балдар акыркы сапарга узатылды. Маалыматты Раззаков шаарынын мэри Чыңгызбек Рысов тастыктады.

Маалым болгондой, кечээ, 18-февралда 50 жаштагы аял, уулу жана кызы менен Раззаков шаарынын Чимген айылында жерге берилген.

Акыркы сапарга узатуу зыйнаты саат 16:00дө өткөрүлгөн.

Маркум аял Чимген айылынан болот. Атасы жана агалары Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында иштешкен. Эки агасы пенсияда, бири Баткен облусунда ички иштер органдарында жетекчилик кызматта эмгектенет.

16-февралга караган түнү 5-кичи райондогу көп кабаттуу үйдөн 50 жаштагы А.К., анын 18 жашка толо элек кызы С.Т. жана 5 жаштагы уулу киши колдуу болуп каза тапкан. Шектүү — 1986-жылы туулган Ч.А. камакта.

Алдын ала маалымат боюнча, маркум аялдын көкүрөк тарабына бир нече ирет бычак сайылган.

Өспүрүм кыз окуя учурунда терезеден асфальтка кулап түшкөнү көп кабаттуу үйдөгү видеокамера аркылуу белгилүү болгон. Аны шектүү кайра батирге көтөрүп алып кирген. Анын денесинде бийиктен кулагандан кийинки жаракаттар, ошондой эле көкүрөк тарабында бычактын издери бар.

Ал эми 5 жаштагы бала муунтулган.

Учурда соттук-медициналык экспертиза иштеп жатат.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголду.

Кийинчерээк УКМК шектүү мамлекеттик күзөт кызматында 15 жыл эмгектенгенин тастыктады. Ал Баткен бир мандаттуу округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер да болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE