Пример HTML-страницы

Бир кезде жалаң кызыл баш кийимчен жоокерлер жашаган Баткендеги айыл

Акыркы жанылыктар

TurmushКадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагында Галча айылынын аталышына жана анын маанисине кызыккандар көп.

Жергиликтүү тарыхчылардын айтымында, Галча айылынын тарыхы терең болуп, 1500-жылдарга, Осмон империясынын дооруна барып такалат. Анда ичкилик уруулардын бири кызыл баштар Иран жана Түркстан аймагында болуп өткөн тарыхый жана саясий окуяларда маанилүү ролду ойношкон.

Кызыл баштар саны боюнча көп эмес, бирок эр жүрөк, ынтымактуу болушат. Душмандар жана коңшулаш өлкөдөгүлөр бул аскерлер кызыл баш кийим (кызыл селде) жүрүшкөндүктөн кызыл баштар деп аталып калышкан.

Кызыл баштардан 600-650 жыл мурда Галча деген бий өткөн. Айыл ошол бийдин атынан коюлган. «Галча» сөзү отту, коломтону сактоо дегенди түшүндүрөт. Аны менен бирге уруу башчы, аскер башчысы дегенди да туюндурат.

Учурда Галча айылында 45тей түтүн жашап, калкы негизинен дыйканчылык менен жан багышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE