Пример HTML-страницы

Араванда 14 гектар жерге эрте бышкан капуста эгилди. Түшүмдү май айында сатыкка чыгаруу пландалууда

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусундагы Араван районунда жалпы 14 гектар жерге эрте быша турган капуста эгилди. Бул тууралуу Араван райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Абдирайым Бокоев билдирди.

Анын айтымында, аба ырайы жакшы болуп турса, капустанын алгачкы түшүмү май айынын башында сатыкка чыгат.

«Капустаны өткөн күндөрү 7 гектарга эккен элек, бүгүн дагы 7 гектарга эктик. Дөбө-Коргон айыл аймагынын Интернационал айылында өстүрүлөт. Буюрса капустанын алгачкы түшүмү май айынын башына барып сатыкка чыгып калат. Андан соң картошка сатыкка чыгат. Өткөндөгү суукта жаан катуу болуп, нымдуулук 15-50 сантиметрге жетсе, -6-7 градус суук болсо, 30 пайызын тоң алат деп божомолдогонбуз. Бирок дыйкандар анчалык зыян тарткан жок. 10-15 күндө дагы билинет», — деди Абдирайым Бокоев.

Араванда өстүрүлгөн капусталар Ош шаарындагы жана жергиликтүү базарларга, Россия, Казакстанга чейин экспорттолот.

Өткөн жылы аталган аймактын дыйкандары күнөсканада өстүрүлгөн капусталарды февраль айында сатыкка чыгара баштаган. Бир килограммын 40 сомдон сатышкан. Жылына 450-500 тоннага чейин чет жактарга экспорттолот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE