Пример HTML-страницы

Алайда сейрек кездешкен жаныбарды аткан жарандар кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Алай районунда сейрек кездешүүчү жаныбарды аткан жарандар аныкталды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2024-жылдын февраль айында Алай райондук ички иштер бөлүмүнө мыйзамсыз аңчылык кылып жүргөн жарандар жөнүндө ыкчам кабар катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

2024-жылдын 15-фералында аңчылык кылып кайткан 4 жаран текшерүүгө алынган. Алардын жанынан 1 даана жаныбардын башы, 4 даана туягы, 6 даана баштыкта жаныбардын эти, 2 даана канааттуу жана 4 даана ок атуучу куралдар, ок-дарылары менен кошо алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Топтолгон материалдын жана экспертизанын корутундусуна ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 310-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пунктунун (жоголуу коркунучунда турган жана сейрек кездешүүчү жаныбарлардын түрлөрүнө, ошого тете пайдаланууга тыюу салынган жаныбарларга карата) негизинде кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары башталган.

Кылмышка шектүү катары Алай районунун тургундары — 1973-жылы туулган К.К., 1974-жылы туулган А. уулу Ж., 1990-жылы туулган М. уулу А. жана Ош шаарынын 1974-жылы туулган тургуну Ү.К. кармалып, тергөө кызматына камсыз болушкан.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө алар тыюу салынган убакта жоголуу коркунучунда болгон, сейрек кездешүүчү Сибирь элигин (сибирская косуля) атып өлтүргөндүгү аныкталган. Мындан улам аларга 50 миң сом айып салынган.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE