Пример HTML-страницы

АКИpress’тин өкүлү Жумагүл Шайыкова Кыргызстан журналисттер союзунун Жалал-Абаддагы бөлүмүнө төрайым болду

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 1-апрелде Жалал-Абад шаарында облустагы массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөру чогулуп, Кыргызстан журналисттер союзунун Жалал-Абад облустук бөлүмүнө төрайым же төрага тандоону талкуулашты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Алгач президиумдун курамы бекитилип, алардын ичинен бирин тандоо каралды. Шайлоо жабык эшик артында өтүп, эки талапкердин ичинен Жумагүл Шайыкова көп добуш менен төрайым болуп шайланды. Андан соң журналисттер төрайымдын эки орун басары катары Ильяз Турбай уулу менен Кабылбек Көчкөнбай уулун шайлап алышты.

  • Буга чейин Руслан Калматов Кыргызстан журналисттер союзунун Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн төрагасы болчу. Ал 2 жыл мурун өз каалоосу менен төрагалыкты тапшырып берген.

Шайыкова Жумагүл Калбаевна эмгек жолун 2007-жылы мугалимдердин «Дил» гезитинде кабарчы болуу менен баштаган. 2010-жылы Жалал-Абад облустук «Акыйкат» гезитинде кабарчы, баяндамачы болуп эмгектенген. 2013-жылдан тарта АКИpress маалымат агенттигинин Баракелде басылмасында кабарчы болуп иштеген. Ал эми 2014-жылдан бери аталган маалымат агенттиктин Turmush басылмасында облустагы өкүлү болуп эмгектенип келе жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE