Пример HTML-страницы

16 жаштагы Гүлшанай Баймурзаева дайынсыз жоголду

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында 16 жаштагы Гүлшанай Баймурзаева изделип жатат. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ош шаарынын 1983-жылы туулган тургуну З.Б. арыз менен кайрылган. Анда 2023-жылдын 19-октябрында 2007-жылы 7-августта туулган кызы Гүлшанай Баймурзаева Ош шаарынын Киев көчөсүндөгү даректен чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканын билдирген.

Аталган факты Ош ШИИБдин Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн маалыматтардын электрондук журналына катталган. Учурда текшерүү иштери жүрүгүзүлүп жатат.

Белгилери: бою 168-172 см, арык чырай, ак жүздүү, чачы кара.

Кийген кийимдери: үстүндө ак түстөгү кофта, астында көк түстөгү жинсы шым, сары түстөгү бут кийим.

Гүлшанай Баймурзаева тууралуу маалыматы барлар (03222) 6-27-57, 0555-66-94-76 телефон номурлары аркылуу билдирсе болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE