Пример HTML-страницы

Жумгал райондук маданият үйүнө 1 млн сомдон ашык каражатка үн күчөткүч, форма жана музыкалык аспаптар алынды

Акыркы жанылыктар

TurmushЖумгал райондук маданият үйүнө музыкалык аспаптар жана техникалык жабдуулар алынып берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан 939 миң 210 сомго үн күчөткүч, 200 миң сомго формалар, 150 музыкалык аспаптар алынган.

Маданият үйүнүнүн башчысы Бермет Абамисилованын айтымында, буга байланыштуу тургундарга маданият кызматкерлери тарабынан даярдалган «Ыр берметин чубайбыз, ыр кербенин улайбыз» аттуу концерт тартууланган.

Райондук маданият үйү «Соң-Көл» кино театрынын экинчи кабатында орун алган. Өздөрүндө туруктуу имарат жок болгондуктан, кинодирекциянын ичинде ижарада турушат.

Ал эми Чынара Дүйшеева атындагы балдардын искусство мектеби жакын арада жаңы имараттуу болот. Учурда мамлекеттин казынасынан 2 кабаттуу имарат курулуп жатат. Ошондой эле мектепке компьютер жана китептер тапшырылды.

Ал эми райондук маданият бөлүмү имараттын жоктугунан көчүп-конуп иш алып барып келген. Өткөн жылы мурдагы райондук гезиттин имараты райондук маданият бөлүмүнө өткөрүлүп берилген. Имарат капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн.

Ошондой эле райондук китепканага, тарыхый-этнографиялык музейге компьютер жабдыктары берилсе, Көк-Ой айылдык маданият үйүнө Улуттук цирктин колдонулган отургучтары алынып келген.

Миң -Куш айылындагы балдардын искусство мектебине компьютер жана китептер тапшырылды.

Ал эми Кызарт айылындагы М.Акимкожоев атындагы маданият үйүнүн көрүүчүлөр залы элдин салымы менен ондоп-түзөөдөн өтүп, чатыры жаңыга алмаштырылды. Аны менен катары Кызарт айылындагы балдардын искусство мектебине компьютер жана китептер тапшырылды.

Мындан тышкары, Байзак айылындагы Айбек Тентиев атындагы маданият үйүнүн чатыры жаңыртылган болсо, Солто Рысмамбетов атындагы балдардын искусство мектеби маданият үйүнүн бир капталына көчкөн. Ал мектепке да компьютер, китептер берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE