Пример HTML-страницы

Жолчулар Ысык-Көлдүн эң алыскы айылдарынын бирине өтүүчү жолду тазалап жатышат

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Ак-Шыйрак өрөөнүндөгү жолдор кардан тазаланып жатат.

№3 жол тейлөө мекемесинен билдиришкендей, Барскоон—Ак-Шыйрак унаа жолунун Сөөк ашуусунун 53-70-чакырымдарында кар күрткүнү тазалоо иштери жүрүп жатат. Жол ачык.

Ак-Шыйрак — Ысык-Көл облусунун сырт өрөөнү.

Ак-Шыйрак айылы 1918-жылы негизделген. 1930-жылы айылдык совет түзүлгөн. Андан кийин башталгыч мектеп ачылган. 1-май колхозу 1935-жылы негизделип, 1962-жылы СССРдин Геологиялык башкармалыгы тарабынан Үч-Кошкон жана Ак-Шыйрак айылдары негизделген.

Айыл район борборунан 270 чакырым алыс жайгашкан. Айылдын түндүгүндө Эшек-Арт тоосу, ал эми түштүгүндө Боор-Албас жана Ак-Зоо тоолору жайгашкан.

Кышында абанын температурасы -40 градуска чейин түшөт.

Айылда мектеп-интернат, эки ФАП, маданият үйү, мейманкана, коомдук мончо жана башка социалдык объектилер бар. 300дөн ашык үй-бүлө жашайт. Тургундар негизинен мал чарбачылыгы менен алек.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE