Пример HTML-страницы

Жер тилкеси боюнча соттошуп жаткан М.Хамракулов Жогорку соттун төрагасына кайрылды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 25-мартта Ош шаарынын тургуну Мухаммедали Хамракулов менен жактоочусу Анвар Хамитжанов АКИпресс-Оштогу маалымат жыйында Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбековго кайрылышты. Анда алар төрагадан 27-мартта Жогорку сотто карала турган жер маселесин өз көзөмөлүнө алууну суранышты.

«Биздин маселе 2014-жылдан бери жарандык тартипте каралып жатат. Ош облустук соту 2023-жылдын 27-ноябрында биз тарапка мыйзамдуу түрдө чечип берген. Экинчи тарап буга макул болбой, Жогорку сотко кассациялык тартипте даттануу жасашты. Ал ишибиз 27-март күнү каралат. Мындан улам Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбаев карала турган ишибизди өз көзөмөлүнө алуусун суранат элек.

Негизи бул иш боюнча 2020-жылы Жогорку сот тарабынан чечим чыккан эле. Экинчи тарап жаңы ачылган жагдайлар деп кайра арыз жазып, ошонун негизинде соттошуп жүрөбүз», — дейт М.Хамракулов

Жактоочу Анвар Хамитжановдун айтымында, аталган жер Ленин көчөсүндө жайгашкан. Бул жер боюнча 2014-жылдан бери соттук териштирүү жүрүп келет. 2021-жылы Жогорку сот бул ишке чекит коюп, Хамракуловдун пайдасына чечип берген.

«Ортодон бир жыл өткөн соң, экинчи тарап жаңы жаздай деп арыз менен кайрылган. Биздин кайрылуубуздун себеби, мыйзамсыз чечимдердин алдын алуу болуп жатат. Төрага Замирбек Базарбековдон өз көзөмөлүнө алып, чекит коюп берүүсүн суранат элек», — дейт жактоочу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE