Пример HTML-страницы

Жазгүл Салиева өзүнүн бизнесин түптөп, иш орундарын түзүп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен районунун Кара-Бак айылынын 28 жаштагы тургуну Жазгүл Салиева үйүнүн бир бөлмөсүнө тигүү цехин ачып, айылдаштарын жумуш менен камсыз кылууда. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, айылындагы тигүүчүлүк менен 2 жылдан бери алектене баштаган. 2 ай мурда жер төлөөсүнө атайын шарт түзүп, тигүү, бычуу курсун ачкан. Ал үчүн бейөкмөт уюмдардан колдоо алган. Мында айына 10го жакын кыз-келиндер тигүүнү өздөштүрүп, өз алдынча кийим тигип, кардар күтүшүүдө.

«Буга чейин 6 жыл Бишкекте тигүү цехтеринде эмгектенип жүрдүм. Балдарым айылда болсо, аларга болгон кусалык күчөп, жүрө албай кайтып келдим. Анан өзүмө ал жакта тиккендеримди бул жакта тиксем эмнеге болбойт деп суроо бердим. Анан баштап 2-3 тигүү машинам менен айылдагы жашоочулардын буйрутмаларын тигип, киреше таап жүрдүм. Ишти баштаганыма 2 жыл болуп калды. Ар күнү эртең менен жумушту баштайбыз. Айрымдар өздөрүнүн үйлөрүнө алып барып тигип келишет.

Ушул жылы БУУнун атайын долбооруна катышып, акчалай грант алдым. Биринчи этабында машинка алып, коңшулар менен тигүү цехин ачтык. Бул жерде 6 айылдаш эжелер менен иштейбиз. Айылдагы буйрутмаларды алабыз. Баткен шаарындагы базарлардан да буйрутма алабыз. Биз чапан, кемзир, кептакыя, азыркы учурга жылуу кийимдерди бычып тигебиз. Жазында көйнөк, жеңил кийимдерди чыгардык. Өзүбүздүн бренд менен чыгарып, элге кенен жайылса деп турабыз. Ал үчүн дагы убакыт керек», — деди ал.

Каарманыбыз ар күнү түштөн кийин атайын курска кыз-келиндерди чакырып, тигүүнү үйрөтөт. Айылда бул өнөрдү үйрөнөм дегендер арбын. Ал үчүн 2 тайпа ачып, бир жумада 3 күндөн чакырат. Алардын алды азыр өз алдынча кийим тигип, чебер болуп калышкан.

«Бул жер биздин тигүү, бычуу боюнча курс өткөн бөлмөбүз. Бул жакта 7 машина бар. Ага ылайык 10го жакын кызды бир тайпага алгам. Бул келиндер тайпасы. Ал эми окуучу кыздар тайпасы эртең келет. Жумасына 3 күн бул тайпага, 3 күн окуучуларга үйрөтөм. Курсту баштаганыбызга 2 ай болду. Бул ошол долбоордун экинчи этабында каралып, дагы кошумча машина алып, курс баштадым. Азыр алдыңкы бүткөн окуучуларым өздөрүнө, бала-чакасына, тааныштарына кийим тигип, кирешеге да чыгып калышты. Алар да өз алдынча үйлөрүндө тигип, биз менен иштешсе болот», — деди Жазгүл айым.

Кара-Бак айыл өкмөтүнүн маалыматына караганда, бул айыл аймактагы 4 айыл тең Тажикстан менен чектешет. Айыл аймакта 20861 калк бар. Ал эми Кара-Бак айылындагы 1986 кожолуктун 624ү жумушсуз, жөлөк пул алышат. Ал эми 8322 жарандын 1206сы ички жана сырткы миграцияда жүрүшөт. Жазгүл Салиева жумушсуздукту акырындан жоюп, үй-бүлөлүк экономиканы жогорулатып, айылдаштарын да кошо жумуш менен камсыздап жаткандардын катарына кирет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE