Пример HTML-страницы

Жалал-Абадда кайсы көчөттөргө суроо-талап көп болуп жатат?

Акыркы жанылыктар

TurmushСузак району менен Жалал-Абад шаарын байланыштырып турган негизги жолдун жээгинде жайгашкан көчөт базарда соода кызып жатат, деп билдирди аймактык кабарчы.

Бул жерге күндө миңдеген адам көчөт сатып алуу үчүн келет. Базардан мөмөлүү дарактын көчөтүнөн баштап бакчага тигилүүчү гүлдүн уругу, керек болсо цитрус өсүмдүктөрүнүн да көчөтүн табууга болот.

Жаз мезгили келери менен сузактык Гүлнара Жалал-Абад шаарынын кире беришиндеги жол жээгине көчөт алып чыккан 50гө чукул соодагердин катарынан орун алат. Ал көчөттөрдү атайын Баткен облусунун Кадамжай районунан жана коңшу Өзбекстан Республикасынан алып келет.

«Бир нече жылдан бери дал ушул Сузак—Жалал-Абад унаа жолунун Лавдан-Кара айылындагы тилкесиндеги жол жээгине чыгып, көчөт сатып, кошумча каражат табам. Алгачкы жылдары соода анча болгон жок. А түгүл жолдошум экөөбүз алып келген көчөттөр өтүмсүз болуп, куурап калып, чыгымга учураган күндөр да болду. Кийинчерээк кайсы көчөт өтүмдүү экенин, иштин ыгын билип калдык. Азыр жол жээгинде үлүш жердин ээсине ижара төлөп, соода кылабыз. Негизинен Жалал-Абадда кокон гилас, алма, өрүк жана жаңгак көчөттөрү өтүмдүү келет. Аларды Баткендин Кадамжай районунан алып келебиз.

Менин байкоомдо акыркы учурда эл короосуна цитрус өсүмдүктөрүнүн көчөттөрүн өстүрүп жатышат. Бул түрдөгү көчөттөргө да суроо-талап болгондуктан аны коңшу Өзбекстан Республикасынан алып келип жатабыз. Анын баасы деле кымбат эмес, капчыкка ылайыктуу. Ушул тапта менде лимон, киви, банан көчөттөрү бар. Бул көчөттөр жылуулукту жакшы көрөт. Азыр соода кызуу болуп жатат. Бир күндө орто эсеп менен 100дөн ашык кардар келип, көчөт алып кетет», — дейт соодагер Гүлнара.

Бул базарга облустун бардык район-шаарларынан жана башка облустардан да кардарлар келишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE