Пример HTML-страницы

Жалал-Абад шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасына жаңы жетекчи келди

Акыркы жанылыктар

TurmushНурбек Айсариев Жалал-Абад шаарынын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасына жетекчи болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка мэр Эрнисбек Ормоков кол койду.

Нурбек Айсариев буга чейин мэриянын алдындагы «Үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү» кайрымдуулук борборунун жетекчиси болуп иштеп келген. Ошондой эле 2017-2018-жылдары Жалал-Абад облустук юстиция башкармалыгында, 2018-2020-жылдары «Жалал-Абад Тазалык» мекемесинде эмгектенген.

Аталган мекемени 2021-жылдын 3-майынан тарта жетектеп келген Наби Юлдашев кызматтан кетүү тууралуу жазган өз арызы менен жумуштан бошотулду.

Буга чейин шаардын активисттери тарабынан быйыл калаада көрктөндүрүү иши колго алынбаганы айтылып, жетекчи социалдык тармакта сынга кабылып келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE