Пример HTML-страницы

Жактоочу Нургүл Имарова блогер кыздан 9 млн сом өндүрүүнү көздөп жатканын айтты. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 19-февралда АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында жактоочу Нургүл Имарова социалдык тармак аркылуу блогер Күмүшай Аким кызы ага жалган жалаа жаап жатканын айтып чыкты.

Жактоочунун маалыматы боюнча, блогердин үстүнөн арыз жазды. Күмүшай Аким кызы элге туура эмес маалыматтарды таратып, эл ал маалыматка ишенип, терс пикирлер жазылып жатканы ден соолугуна терс таасирин тийгизип, ооруканага да түшкөн.

«Күмүшай Аким кызы аттуу блогерге убагында мен жактоочулук кылган О.М. аттуу жаран жана анын туугандары кайрылып жатат. Алардын айтымында, мен алардын жумушун бүтүрүп берем деп 800 миң сом алган экенмин, ошону доолап жатышат. Негизи О.М. боюнча 9 айда Сузактан Ошко каттап, 35 адам менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, өз алдынча териштирүү алып барганым үчүн эки тараптын келишиминин негизинде 437 миң сом алгам. Ал сумманын ичинде 9 айдагы жол кирем, тамак-аш, андан башка кагаз иштери бар. Анан иштин аягында актоомдогу адамдын кылмышы аныкталып калды. Ошондон кийин бул адамдар менин үстүмдөн каралоо жүргүзүп келет. Алар Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнө 8 тууганы менен биригип арыз жазган. Анын негизинде тергөөчүгө күбө катары сурак берип чыккам. Анын жыйынтыгы да 1-2 күндө чыгып калат.

6-февраль күнү Күмүшай Аким кызы мен тууралуу видео чыгарды. Ошол күнү эле байланышып, жагдайды түшүндүргөн соң видеону өчүргөн. Кайра 8-февраль күнү жайгаштырып, «3 күндүн ичинде акчасын коюп кой» деген талап менен чыгыптыр», — дейт Нургүл Имарова.

Ошондой эле жактоочу блогердин үстүнөн ар бир видеосу үчүн моралдык зыян катары 1 млн сомдон 9 млн сом өндүрүп берүү талабы менен, мындан тышкары паспорттогу сүрөтүн жарыялаганы үчүн да арыз жазганын кошумчалады.

Ал эми Күмүшай Аким кызы жактоочунун банктык дүмүрчөктөр (квитанция), кагаз жүзүндө алган акчалары тууралуу бардык далилдер бар экенин билдирди. Анын айтымында, жактоочунун азыркы жашап жаткан үйү боюнча да үй ээсинин эжеси кайрылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE