Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө бир заматта казакстандык 2 аял каза болду (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 2-август күнү саат 15:20 чамасында Ысык-Көл районундагы кырсыктан улам 2 адам каза болду. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга Чырпыкты менен Тору-Айгыр айылдарынын ортосунда жол кырсыгы болгону жөнүндө кабар түшкөн. Иликтөө учурунда Ысык-Көл районундагы жолдо Кара-Балта шаарынын 2001-жылы туулган тургуну З. уулу Э. «Опель Зафира» унаасын күн чыгыштан күн батышты көздөй башкарып бара жатканда рулга ээ боло албай, унаа ала салып кеткени такталды. Анын кесепетинен унаанын жүргүнчү болуп бара жаткан Казакстандын Мерке шаарынын тургундары — 1982-жылы туулган И.Т. менен 1966-жылы туулган И.Г. (экөө тең аял киши) окуя болгон жерде каза болгон.

Ал эми айдоочу З. уулу Э. менен дагы бир жүргүнчү — Кара-Балта шаарынын 2001-жылы туулган тургуну З. уулу Н. жаракат алып, Балыкчы шаардык ооруканасына жаткырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE