Turmush — Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Раззаков шаарында кар жаап жатат, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.
Видео бүгүн, 13-октябрда тартылды.
Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 13-15-октябрь күндөрү абанын температурасы өзгөрүлүп, туруксуз аба ырайы күтүлөт, деп эскерткен.
13-октябрда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын областарынын көпчүлүк аймактарында жаан, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланып, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетиши ыктымал.
Абанын температурасы:
— Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6°, айрым жерлерде 0..-2°, күндүз 5… 10°;
— Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1… 6°, айрым жерлерде -1…-3°, күндүз 4…9°;
— Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 2… 7°, күндүз 11…16°;
— Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 1…6°, айрым жерлерде 0…-2, күндүз 5… 10°;
— Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -3…+2°, айрым жерлерде -1…-3°, күндүз 4…9° болот;
— тоолуу райондордо түнкүсүн -2…-7°, күндүз 1…6°;
— бийик тоолордо түнкүсүн -8…-13°, күндүз — 1…-6° болушу күтүлөт.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.