Пример HTML-страницы

Turmush: Кызыл-Кыя шаарында үй өрттөндү

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 28-май күнү Кызыл-Кыя шаарындагы үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, куткаруучуларга Н.К. таандык үйдө өрт чыгып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Куткаруучулардын жардамы менен жалын саат 17:17де толугу менен өчүрүлдү. Электр зымдарынын кыска туташуусунан улам чыккан өрттүн аянты 24 чарчы метрге жетип, тилсиз жоонун кесепетинен 1 эшик, терезе, электр меши, 4 даана жууркан, 10 даана балка, 20 даана айырмач (стропила) жана 30 даана шифер өрттөнгөн. Бактыга жараша адам өмүрүнө зыян келген эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE