Пример HTML-страницы

Turmush: Күчтүү аттардын көзүн таңып, башка чапкылап, орго ташташкан: Көк-Бел тууралуу подполковниктин баяны

Акыркы жанылыктар

TurmushНоокат районундагы Көк-Бел айыл өкмөтү май, июнь, июль айларында айрыкча ажары ачылат. Айланасынын баары гүлдүү килемге окшоп Алтын-Казык тоолору, Эш, Суулуу, Курук, Кулжаман жайлоолору жомоктогудай көркүнө чыкса, сыртта, адыр-талааларында түрдүү эгиндер, чөптөр өсүп, айланага көркөм түс берет.

Элде бир кызык аңыз айтылып келет. 1976-жылы июнь айында артисттер Көк-Белге келип, концерт коюшат. Меймандос айылдыктар артисттерди алып калып, сый көрсөтүшөт. Алар сыйдан соң айылда эле түнөп калышат. Эртең менен турган акын Эстебес Турсуналиев айланага суктануу менен карап туруп, азил-чыны аралаш «Бул жерде адам өлбөсө керек ээ?» деп айткан экен.

Бул айыл өкмөттүн түзүлүү тарыхы, СССР убагындагы кызыктуу окуялары, ал жердеги белгилүү адамдар тууралуу милициянын подполковниги Рахман Карабаев Turmush басылмасына кенен баяндап берди.

Сталиндин бузулган эстелигин атканасына бекитип, чаңын аарчып турган Шермат агай

Ноокат району 1928-жылы уюшулгандыгы белгилүү. Ошол эле жылдын декабрь айында Көк-Бел сүт өндүрүүчү совхозу уюшулган. Мурунку адамдардын айтуусуна караганда, совхоздо 500-600 адам жашаган. Адегенде төрт ферма болгон. Көк-Белге революциядан кийин эле орустар келе баштаган. Ал эми совхоз уюшулгандан кийин алардын саны көбөйгөн.

Совхоз советтик мамлекеттик чарба болгондуктан, өкмөт тарабынан ар кандай колдоо көрсөтүлүп турган. Андыктан ошол кездеги жаңыдан чыга баштаган техникалар биринчи кезекте ушул чарбага келген. Айыл чарбасында жана чарбачылыкта иштетүү үчүн жылкылар, сүт продукцияларын өндүрүү үчүн уйлар багылган. А түгүл, таза кандуу жылкы, уйлар башка жактардан да алынып келинген. Чарбаны өнүктүрүү үчүн адистер да жиберилген.

Совхозго 1930-жылдардан баштап тракторлор, молотилка, саможнейка, самосброска (ат кошулуп эгинди өзү оруп, өзү боолоп таштоочу лабогрейка),өзү оруп таштоочу косилкалар, андан кийин С-6 комбайндар келе баштаган. Техникаларды эл арасынан чыккан жөндөмдүү атуулдар эле өздөштүрүп алышкан. Маселен, ошол кездеги чыныгы коммунист Шермат Кебеков кыргыздардын арасынан биринчилерден болуп техникаларды өздөштүрүп, эл үчүн кызматын өтөгөн. Шермат агай ушул тармакта 50 жылга жакын иштеди. Согуш жылдарында эл аны айылдык советтин төрагалыгына шайлашкан. Бирок техникасын таштаган эмес. Айылдык советтин мөөрүн чөнтөгүнө салып алып, талаага жер айдоого кетип калгандыгын, маалым кат же башка документтер, мөөр керек болсо, анын артынан талаага барышкандыгын замандаштары кийин деле кеп кылып жүрүштү.

Анын чыныгы коммунист экендиги жөнүндө көптөгөн кеп-сөздөр аңыз болуп айтылып жүрчү. Ошондой сөздөрдүн бирине токтолуп кетели. Совхоздун клубунун жанындагы паркта Сталиндин эстелиги турчу. 1961-жылы Н.Хрущев анын эстеликтерин алдыра баштаганда Шермат аке эстеликтерди тележкага жүктөп, үйүнө алып барып, атканасынын бир бурчуна орнотуп, мезгил-мезгили менен чаңын аарчып, тазалап туруптур.

30-жылдары жана согуш мезгилинде, андан кийинки жылдары деле мамлекетке өтө көп эгин берип турган ушул Көк-Бел совхозу болгондугун мурда көп айтышат эле. Себеби жери кара топурактуу, кеңири келип, аны иштетүүгө техникалар да жетиштүү болгон. Буудай, арпа, сулуу, кара буудай, анча-мынча күнкарамалар өстүрүлгөн. Жерди иштетүү ыкмалары өтө сонун болгон. Жыл жакшы болгондо эгиндерди оруп-жыйып үлгүрүшкөн эмес. Ошондо талааларга лабогрейка, косилкалар менен оруп, скирд кылып жыйып коюлган. Кышында кар жааган мезгилде да молотилка менен жанчышкан. Ошондо иштеп жаткан жаштардын:

«Молотилка комбайын,

Жанчат совхоз буудайын.

Экөөбүздү кошпогон,

Ташбоор экен Кудайым», — деген ырларын биз бала кезде угуп калат элек

30-жылдары өлкөдө болгон ачарчылыкта жана согуш мезгилинде да совхоздун элдери ачка калган эмес. Мамлекетке тапшырган эгиндин ашканын чарба өз муктаждыктарына, үрөнгө, малга, жемге пайдаланган. Тизме менен жумушчуларга берген. Андан тышкары тазаланган буудайдан нан бышыруучу цехтен бөлкө нан чыгарып, талон менен жан башына берип турган. Мындан тышкары эл кыйтык жерлерди айдап, буудай, арпа сээп алышкан.

«Кош бол асыл, Көк-Бел». Ачкачылыктан качып келген казактар кайра кайткандагы убак

Ошол каатчылык жылдары Папан, Чеч-Дөбө, Федоров, Сар-Коргон, Куу-Майдан, Ак-Чабуу, Кыргыз-Ата жана башка жерлерден кыйналган эл көчүп келе баштаган. Ал эми буга кошумча 1944-жылы кавказдан балкарлар эвакуация болуп келишкен. Ушинтип чарбанын калкы бир топко көбөйгөн.

Убагында балкарлар менен кыргыздар өтө ынтымактуу жашаган. Жөнөкөй меймандос кыргыз эли кучагын жайып, жылуу кабыл алышкан. Балкарлар өтө эмгекчил калк болгондуктан, түнү-күнү чарчоону билбей иштешкен.

Ошол эле 30-жылдары ач калышкан казактар көчүп келишип, бир айыл болуп жашашкан. 4-5 жылдан кийин кайра мекенине кетишкен. Ошондон болсо керек, азыр деле Көк-Белге кире бериште Казак айылы деген жер бар. Казактар кетээринде «Кош бол, асыл Көк-Бел» деп кетишкен дешет. Айрымдары турмуш-шартына жараша калып калышкан. Ошол жылдары бухгалтер болуп иштеген Коштай Агибаев үйлөнүп, бала-чакалуу болуп калгандыктан, Көк-Белди мекендеп кала берген. Коштай аксакал 90 жашка чыгып өттү. Ал киши Насирдин Исановдун жубайы Бүзүйнаттын атасы болгон.

Жылкылардын көзүн таңып, балка менен башына чаап, 100 метрлик чуңкурга көмүп салышкан

1946-жылы Көк-Бел өзгөрүп, №44 жылкы заводу болуп түзүлгөн. Чарба СССРдин Айыл чарба министрлигинин буйругу менен уюшулган. Бул союз боюнча катар номурду билдирет. Ошол жылдары Ысык-Көлдөгү №54, Таластагы №53, Нарындагы №80 жылкы заводдору уюшулган. Бул чарбалардын негизги багыты асыл тукум күлүк жана чарбанын ар түрдүү иштерине жарай турган жылкыларды өстүргөн.

Жылкылар жөнүндө кеп болгондо, бир жагымсыз факт эске түшөт. Совет бийлиги эми гана бутуна туруп, социализм СССРди толук жеңгенден кийин да ички душмандар чыккынчылык кылууларын улантышкан. Көк-Белде үч жерде узун-туурасы болжол менен 100 метрден казылган жерлердин орду бар. Аларды көк-белдиктер ор деп коюшат. Бул орлордун казылгандыгынын себеби бар. Нарындан, Ысык-Көлдөн алынып, көбөйтүлгөн жылкыларды эл душмандары өлтүрүп ташташкан. Алар «жылкыларда маңка оорусу бар экен, өтө зыяндуу жана жугуштуу экен» деп, бийлик башындагылырды ишендирип, жок кылууга жетишкен. Анын кесепетинен эчен-эчен күлүктөр, соко, мала, араба тартуучу күчтүү аттар өлтүрүлүп, орго ташталган. Аттарды казылган аңдын четине алып барып, көзүн таңып, балка менен башына катуу урушкан. Анын кесепетинен аттар орго өздөрү эле кулап түшүшкөн. Бул мыкаачылык иштерге совхоздун элдери барган эмес, «соттолосуң, сен мамлекетке каршысың» деген опуза сөздөн коркуп аткарышкан. Мындай мыкаачылыктан канча аттар өлтүрүлгөндүгүнүн так маалыматын алууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Болжол менен алганда 200-300 жылкы жок кылынган.

Кыргыз ат жандуу болот эмеспи, муну көрүп көпчүлүгү ыйлашкан. Кээ бирлери минген аттарын алып качышкан. Бирок алар кийин жазага кириптер болушкан. Өлтүрүлгөн жылкылардын үстүнө кралин куюп өрттөшкөн. Анын сасык жыты көпкө чейин кетпей турган. Албетте, мамлекет тарабынан бул иштер териштирилип, ага бөгөт коюлган. Эл арасында түшүндүрүү иштери да жүргүзүлгөн. Эң өкүнүчтүүсү, жооп берүүгө келгенде душмандар качып жок болушкан.

Буденныйдын алкоосуна арзыган саяпкер

Жогоруда айтылгандай, жылкы заводу болуп уюшулгандан кийин чарбага мамлекет тарабынан колдоолор көрсөтүлүп, дотация бериле баштагандыктан тез эле өнүгө баштаган. Жылкынын саны жылдан жылга өсүп отурган. Күлүктөр атайын бөлүнүп, адистердин көзөмөлүнө алынып, багыла баштаган. Адегенде бир бөлүм, кийин көбөйүп отуруп 3 бөлүмгө жеткен. Ар бөлүмдө саяпкер, ат чабарлар (жокей) жана бир нече ат багарлар болушкан. Ар бир бөлүмдүн 20-25 жылкысы болгон. Жайында күлүктөр адегенде Оштун, кийин Фрунзенин ипподромунда болуп, ар жекшембиде өткөрүлө турган ат чабуу мелдештерине катышып турган. Ипподромдо ар бир чарба үчүн өзүнчө бөлмө бөлүп берген. Анда саяпкерлер менен чабандестер күлүктөрүн тапташкан. Оштогу мелдештерде Көк-Белдин күлүктөрү биринчиликти колдон чыгарган эмес. Ал эми Фрунзеде башка жылкы заводдор менен тең тайлашкан. Өткөн кылымдын элүүнчү жылдары Зунай, Жилет, География деген күлүктөр, 60-70-жылдары Закат, Запрет, Машук деген күлүктөрү баш байгелерди алып жүрүшкөн. Запрет деген кара тулпар 1969-жылы Ташкентте болгон жарышта 75 км аралыкты үч күн ичинде 25 километрден чуркап, 3-орунду алып, чет элдин мыкты деген көптөгөн күлүктөрүн артка таштаган. Ал эми Сары-Таш деген күлүк 80-жылдары 2400 метр аралыкты 2 мүнөт 40 секундада чуркап өтүп, Кыргызстандын рекордун койгон.

Кайсыл жылдар экенин так айта албайм, Баба Матмусаев өзү таптаган атын Фрунзе шаарындагы ипподромго алып барып, мелдешке кошот. Бул мелдешке Советтер союзунун маршалы, полководец Семён Михайлович Буденный келип, көрүп отурган болот. Баба аганын таптаган күлүгү баарын ат чабым алыс калтырып, маарага биринчи келет. Улуу полководец жанындагылардан саяпкерин сураштырып калат. Баба аганы полководецтин алдына алып келишет. Буденный ордунан туруп, саяпкерди кучагына алып, колун кысат да, анын өнөрүнө ыраазычылыгын билдирип, таптаган күлүгүнө өз баасын берет. Эстелик үчүн сүрөткө да түшүшөт. Бул тарыхый көз ирмемдер ошол Көк-Белдеги жылкы заводуна берилген баалардын бири болчу.

«Мен өлсөм, сөөгүмдү Көк-Белге койгула» деген Мария эже

Лебедова Мария Аверьяновна деген медайым аял болгон. Анын Көк-Бел элинин сергек жашоосуна сиңирген эмгеги зор. Эже айылды тынбай кыдырып, медициналык профилактикалык жумуштарды аткарчу. Зерикпестен айылды жөө-жалаңдап кыдырып, баарынан тазалыкты талап кылчу. Айрыкча жаш балдардын ден соолугу үчүн күрөшкөн. Сары атын минип алып, кышы-жайы чабандарга, малчыларга, механизаторлорго, жумушчуларга барып, алардын ден соолугун көзөмөлдөп турчу. Жай мезгилинде талаа-түздү кыдырып, ар түрдүү чөптөрдү жыйнап, өзү жасап, элди дарылаган. Ошондон болсо керек, көк-белдиктер Мария эжени өтө сыйлашчу. Калкка бүт дитин, дилин берип, чын ыкласы менен кызмат кылганы, аларды өзүнүн эли катары кабылдаганы анын ушундай сыйга татышына себеп болду. Кийин пенсияга чыкканда деле мекенине кетпеди. Ташкенттен кызы келип, көчүрүп кетмекчи болгондо, ага макул болбой «Мен өлсөм, силер Көк-Белге коесуңар» деген сөзүн айтат. Ал кишинин көзү өткөндө өзүнүн керээзин эске алып, сөөгү Көк-Белге орустардын көрүстөнүнө коюлду.

Балкарлардын кетүүсү аянычтуу көрүнүш болду

1956-жылы балкар калкы реабилитация болуп, кайрадан мекенине көчүп кете башташат. 60-жылдарда дээрлик көбү өз мекенине кетип бүттү. Кетээриндеги көрүнүш өтө аянычтуу болду. Алар кыргыздар менен кучакташып, ыйлап жатып коштошушту. Ошондо «Силердин адамгерчилигиңерди, жакшылыгыңарды өмүрү унутпайбыз» деген сөздөр чын дилден айтылды. Балкарлардан турмуш куруп, бала-чакалуу болуп калган аялдары гана калышты. Азыр алардан таркагандар көп.

Кийин туз насип буйруп, балкарлардын жерине барып калган ноокаттыктар алардын урмат-сыйында жүрүштү. Албетте, кыйынчылык күндөрдө койнуна батырып, жарты нанын тең бөлүшкөн кыргыздар балкарлардын эсинен эч качан чыкпайт болчу. Мен да 1982-жылы классташым Аппаев Батталга жолугуп, анын үйүндө эки күн мейманда болгом. Укмуштай кооз Чөгөм капчыгайын, тарыхый жайларын көрсөттү. Өткөн күндөр эскирилип, Көк-Белдин көркөм жерлерин, элдерин эскерип отурдук.

30 см сызыгычын өтүгүнө салып, айдоо аянтын кайра айдаткан агроном Рудяга

Көк-Белдин талааларынын учурунда агротехникалык абалына өтө көп көңүл бурулган. Жери асылдуу кара топурактуу келгендиктен ар кандай эгиндердин түшүмү жакшы болот. Кайрак болсо да кылкандуу дан эгиндерден, эгер эксе картошкадан, жүгөрүдөн суулуу жердегидей эле түшүм берет.

Азыр да 50-жылдардагы совхоздун башкы агроному Рудяганы кеп эскеришет. Анын өтүгүнүн кончунан 30 сантиметрлик сызгыч үзүлчү эмес. Айдоо аянтын текшерип, тереңдиги 27 сантиметрден кем болсо, кайра айдатып, кеткен чыгымды трактористтин мойнуна салчу. Ошондон улам болсо керек, эгин талааларында бир да отоо чөптөр болбочу.

Бирок, бири кем дүйнө дегендей, Көк-Белде айыл аралап, арык менен аккан суу жок. Жайлоодон түшкөн бир арык суу июнь айында соолуп калат. Ал айылды камсыз кыла албайт. Адам да, мал да суу түтүктөн суу ичет. Көк-Бел табиятка толук көз каранды. Жаанчыл болгон жылдары «Ак төөнүн карды жарылат» дегендей, кеңиричилик, молчулук болот. Жыл кургакчыл келгенде, кыйналып калышат.

1991-жылы Насирдин Исанов Кыргызстандын биринчи премьер-министри болуп шайланат. Ошол жылы премьер-министр туулган жери Көк-Белге 4 министр, Ош облусунун жетекчилери менен келип, талааларды көрсөтөт. Ак-Буура дарыясынан нacoc аркылуу суу чыгырууга болоорун далилдеп, ишти аткаруу үчүн тиешелүү министирликке көрсөтмө да берет. Тийиштүү уюмдар ишке кирише баштаганда, ошол жылдын 29-ноябрында Н.Исанов каза болуп калды да «Багы жокко дагы жок» болуп, ошол иш ошол бойдон калды.

«Эл эмне дейт?»: Насирдин Исановдун уулунун табышмактуу өлүмү, саясаттагы жолу жана жашоо сүртүмдөрү

——————————————————

Буга чейин ардактуу эс алууда жүргөн милициянын подполковниги Рахман Карабаев Turmush басылмасына тергөөчү болуп иштеген учурдагы жашоосу тууралуу айтып берип, маек курган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE