Пример HTML-страницы

Таластагы кылмыш жана 35 адам

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас шаарында аялынын өлүмүнө шектүү катары кармалган Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкеринин иши боюнча күбөлөр сотко келбей жатат. Бул тууралуу бүгүн, 19-августта Талас облустук сотунун басма сөз кызматы кабарлады.

«Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгүнүн 7-пункту (адам өлтүрүү) менен айыпталган А.Ж.нын кылмыш иши 2022-жылдын 18-майында Талас шаардык сотуна түшкөн. 27-майда алдын ала угуу жүргүзүлүп, анда айыпталуучунун жактоочусу А.Дүйшөналиевден айыптоодон кээ бир далилдерди жокко чыгаруу жөнүндө өтүнүч келтирилген жана өтүнүч сот тарабынан канааттандыруусуз калтырылган. Аталган соттук акты Талас облустук сотуна даттанылып жана Талас облустук сотунун соттук коллегиясынын 2022-жылдын 8-июнундагы аныктамасы менен 2022-жылдын 27-майындагы биринчи инстанциядагы соттун токтому өзгөртүүсүз калтырылган.

Андан кийин аталган кылмыш иш Талас шаардык сотуна 2022-жылдын 14-июнунда кайра кароого түшүп, соттук териштирүү 2022-жылдын 29-июнуна кароого дайындалган. Соттук отурумга кээ бир күбөлөр (35 күбө) келбегендигине байланыштуу соттук отурумда бир нече тыныгуу жарыяланган. 2022-жылдын 16-августунда кылмыш иштин кароосу улантылган учурда айыпталуучунун жактоочусу А.Дүйшөналиев келбей жүргөн күбөлөрдү мажбурлап алып келүү өтүнүчү менен кайрылган. Бул сураныч сот тарабынан канааттандырылып, иштин кароосу 2022-жылдын 22-августуна жылдырылган.

Аталган кылмыш 2021-жылдын 29-декабрь айында жасалган жана кылмыш иш 2022-жылдын 18-майында соттун кароосуна түшкөнгө чейин тергөө органында болгон», — деп айтылат маалыматта.

Окуя тууралуу:

Буга чейин Талас шаарында 2 балалуу жаш келиндин жансыз денеси табылганын маалым болгон. Жансыз дене 28-декабрда өз үйүндө табылган.

Кармалган күйөө:

Андан кийин Талас ШИИБ келиндин өлүмүнө шектелип күйөөсү кармалганын билдирген.

Түзүмдүн маалыматына караганда, 1992-жылы туулган Э.Н. аттуу келин өз үйүндө каза болгону тууралуу билдирүү түшкөн. Билдирүүнүн негизинде окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, кароо жүргүзгөн. Текшерүү учурунда каза болгон келиндин денесинде көк ала тактар бар экени аныкталган.

«Аталган факт Талас ШИИБдин маалыматты эсепке алуу электрондук журналына катталган. Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 3-бөлүмүнүн 1-пункту (этиятсыздыктан адамдын өлүмүнө алып келген ден соолукка оор жаракат келтирүү) менен кылмыш иши козголду. Шектүү катары анын күйөөсү — 1988-жылы туулган Ж.А. кармалды. Учурда окуянын чоо-жайын аныктоо максатында тийиштүү процессуалдык чаралар көрүлүүдө. Тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө жана иликтөө иштери жүрүп жатат», — деп айтылган маалыматта.

2022-жылдын 3-январында Талас облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы аялын сабап өлтүрүүгө шектелген адам камакта калтырылганын калтырылган.

  • Камакка алынган А.Ж. Талас шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүндө кызмат өтөп жаткан.

Өз өмүрүнө кол салмак болгон:

4-январь күнү Талас ОИИБдин басма сөз кызматы кармаган инспектор 3-январда өз өмүрүнө кол салмак болгону аныкталганын билдирген.

«Аялынын өлүмүнө шектүү катары кармалган жаран кечээ күнү убактылуу кармоочу жайда суицидге барам деп жип даярдап жаткан учурда кызматкерлер көрүп, алдын алып калышкан», — деп айтылган маалыматта.

  • Бул үй-бүлөнү тааныгандар каза болгон Э.Н. Талас шаарындагы кафелердин биринде достору менен жаңы жылдык майрамда болгонун, жубайлардын ортосундагы чыр кызганычтан улам келип чыккан болушу мүмкүн деп болжолдошкон.

Интернетте ошол күнү видеокамерага тартылып калган тасма чыккан. Анда кылмышка шектелип кармалган А.Ж. өзүнүн аялын сабап жатканы тартылган. Ал жубайын үйдүн короосунда «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаанын жанынан сабаган. Аялы андан кийин үйгө кирип кеткен. Бир нече убакыт өткөндөн кийин ал үйгө милиция кызматкерлери жана бир аял келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE