Пример HTML-страницы

Сузактагы 5 айыл өкмөттөн көп кабаттуу үй курууга 10 гектар жер бөлүндү

Акыркы жанылыктар

TurmushСузак районунда 5 айыл өкмөттөн көп кабаттуу үй курууга жалпы 10 гектар жер ажыратылды. Бул тууралуу райондун акими Баратбек Сыдыкназаров жер-жерлерде эл менен өтүп жаткан жолугушууларда жерге байланышкан маселелерге жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган жерлерге мамлекеттик ипотека компаниясы турак жай курары күтүлүп жатат. Барпы, Кызыл-Туу өкмөттөрүнөн 1,5 гектардан, Ленин айыл өкмөтүнөн 60 сотых, Багыш өкмөтүнөн 2 гектар, Ырыс айыл өкмөтүнөн 5 гектар каралган.

«Баарынын документтери борборго тапшырылды. Президенттин иш башкармалыгы, айыл өкмөт, Мамлекеттик ипотекалык компания менен биргеликте үч тараптуу келишим түзүлөт. 5 этажга чейин салынуучу үйлөрдү мамлекеттик кызматкерлерге 4% менен 20жылдык мөөнөткө бериле турган болуп жатат. Жөнөкөй жарандар 7% менен ала беришет.

Азыр бизде жер тилке маселеси аябай курч болуп турат. Жер тилке алуу үчүн кезекте тургандар көп. Алардын баарына жер тилке бере албайбыз. Көп кабаттуу үйлөр курулса турак жайга болгон муктаждык маселелер чечилип калат», — деди ал.

Сузак районунда жер-жерлерде элдик жыйындар башталды. Анда айыл өкмөттөр аткарылган иштери жана быйылкы жылы жасала турган программалары боюнча маалымат берип жатышат. 20-февралда Сузак, Кара-Дарыя айыл өкмөттөрүндө жолугушуу өтүп, анда эл негизинен сел арыктарды тазалоодогу техника жетишсиздиги, суунун нугунун көтөрүлүп кетүүсүнө кооптуулук жаралган жагдайлар боюнча маселе көтөрүштү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE