Пример HTML-страницы

«Рух Ордо» маданий борборунда 400дөн ашык мугалим сыйланды

Акыркы жанылыктар

TurmushЧолпон-Ата шаарында жайгашкан «Рух-Ордо» маданий борборунда билим берүү тармагында эмгектенген 400дөн ашуун мугалимдер жамаатына салтанатуу иш-чара уюштурулду, деп билдирет аймактык кабарчы.

Иш-чарага президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү И.Ж.Иманбетов катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөп, билим берүү тармагына көп жылдык талыкпаган үзүрлүү эмгектери үчүн кесип ээлерине ардак грамоталары тапшырылды.

Мындан сырткары, райондун билим берүү тармагына кошкон зор салымдары үчүн Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын «Айкөл» өзгөчө төш белгилери жана «Мыкты мектеп», «Мыкты бала бакча» номинациялары, ардак грамота, ыраазычылык каттар жана 100 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлыктар тапшырылды.

2022-2023-окуу жылындагы республикалык олимпиададан 1-2-3 байгелүү орунга ээ болгон 14 окуучуга уюлдук телефон, планшеттер, смарт акылдуу сааттар белекке тапшырылды.

Салтанаттуу иш-чара концерттик программа менен коштолду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE