Пример HTML-страницы

Панфиловдо үйлөрдүн короосун жана сарайларды суу каптады

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Панфилов районуна караштуу Панфилов айылында турак үйлөрдү суу каптады. Бул тууралуу аймактык кабарчыга күбөлөр билдиришти.

Ал эми ӨКМдин Чүй облустук башкармалыгынын маалыматы боюнча, Подгорный көчөсүндө 7 турак жайдын короосун жана 2 сарайды эриген кардын суусу каптаган. Жерине Панфилов райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары тартылды.

Куткаруучулар жергиликтүү тургундар менен биргеликте мотопомпа менен каптаган сууну сордуруп, арыктарды тазалап беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE