Пример HTML-страницы

Оштогу «Өлбөс полк» жүрүшүнө 4 миңден ашык адам катышты

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 9-май күнү Ош шаарында Улуу жеңиштин 77 жылдыгына арналып, Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынан «Өчпөс от» мемориалына чейин «Өлбөс полк» жүрүшү болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, жүрүшкө атайын даярдалган топ жана Ош шаарынын тургундары катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө «Өчпөс отко» гүлчамбар коюу аземи болуп, 1 минуталык эскерүү менен коштолуп, согушта кайтыш болгон маркумдарга Куран түшүрүлдү.

Ош шаарынын вице-мэри Марс Исаевдин айтымында, «Өлбөс полк» жүрүшүнө жалпысынан 4 миңден ашык адам катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE