Пример HTML-страницы

Нарында мектеп бүтүрүүчүлөрүнө кесип тандоого багыт берилди

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 4-июнда Нарын калаасында Бишкек жана Кара-Балта шаарларынан келген коноктордун катышуусунда артыкчылыктуу адистиктер жана кесиптер фестивалы уюштурулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чара М.Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрынын алдында өтүп, ага Бишкек жана Кара-Балтадагы колледждердин өкүлдөрү, мугалимдер жана бүтүрүүчү класстын окуучучулары катышты. Анда окуу жайдын өкүлдөрү өздөрүнүн окуу жайлары, андагы адистиктер тууралуу маалыматтарды беришти. Ошондой эле Нарын агрардык техникалык-экономикалык колледжинин адистиктери тууралуу көргөзмөлөр жана окуу жайлардын маалымат бурчтары уюштурулду. Аны менен бирге оюн-зоок жана концерттик программа өттү.

Нарын агрардык техникалык-экономикалык колледжинин директору Рысбек Жаныбек уулу окуу жайдагы алгылыктуу иштер тууралуу айтып өттү.

«Бүгүнкү иш-чараны кесиптер фестивалы катары атап, агрардык техникалык-экономикалык колледжди Нарын облундагы ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан жалпы мамлекеттик жана жеке мекемелерге өзүбүздүн адистиктер тууралуу маалымат берүү менен бирге келишимдерди түзүү жана мектеп бүтүрүүчүлөрүнө биздин окуу жай боюнча маалымат берүү максатында уюштурдук.

Учурда Азия өнүктүрүү банкы менен болгон долбоорубуз жүрүп жатат. Бул долбоорго Кыргызстан боюнча 145 колледждин арасынан 8 окуу жай, анын ичинде биздин колледж тандалып алынган. Долбоордун алкагында азыркы учурда биздин колледжде реконструкция иштери жүрүп окуу өндүруштүк комплекси, ветераниялык клиника ачылуу алдында турат. Бүгүнкү күндө иштер жүрүп жатат. Буюрса август айында бүтүп, сентябрь менен ишке берилет деп мерчемдеп жатабыз. Долбоордун негизинде бизге унаа, 50дөн ашык компьютерлер, интерактивдүү доска, рентген өңдүү заманбап жабдыктар келди. Бул шарттардын жакшыртуу менен мурдагыдан айырмаланып, жумуш үстүндө окутуу жүргүзөбүз. Тактап айтканда, теориялык гана билим бербестенен, практика жүзүндө лабораторияларда иштерди жүргүзөбүз деп турабыз.

Биздин окуу жайда ата-энесинен ажыраган балдар жана кыздарга окуу төлөмү жагынан 100 пайыздык жеңилдиктер берилген. Ошондой эле эң жакшы окуган студенттерге стипендия берүү каралган», — деди Р.Жаныбек уулу.

Аталган колледжде 12 адистик боюнча 525 студент, анын ичинен 128и бюджеттик негизде билим алышууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE