Пример HTML-страницы

Мелис Калыков өмүр бою эркиндигинен ажыратылды

Акыркы жанылыктар

TurmushЖогорку сот Мелис Калыковго карата чыгарылган Ош облустук сотунун өкүмүн күчүндө калтырды. Тиешелүү чечим 2023-жылы 24-январда кабыл алынды.

Turmush Жогорку сотко жабырлануучу М.Мамажакыповдун мыйзамдуу өкүлүнөн даттануу түшкөнүн жазган. Ал Ош облустук сотунун 2022-жылдын 31-мартындагы өкүмүнөн 3000 эсептик көрсөткүчтөгү (300 миң сом) айып пул тууралуу бөлүгүн алып салганы боюнча бөлүгүн жокко чыгарып, Ош шаардык сотунун 2019-жылдын 27-ноябрдагы өкүмүн күчүндө калтырууну сураган.

Жогорку соттун соттук коллегиясы иштин материалдарын карап, Ош облустук сотунун 2022-жылдын 31-мартындагы айыпталуучуну өмүр бою эркинен ажыраткан өкүмүн күчүндө калтырды.

Ош шаардык соту 2019-жылы 27-ноябрда Мелис Калыковду Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан.

——————————————————-

Окуя тууралуу маалыматтар:

А.Мамажакыповдун өлүмү: Прокуратуранын бөлүм башчысы маркумду бут кийиминен тааныганын айтты. Видео

А.Мамажакыповдун өлүмү: Прокурордун орун басары маркумдун денесин атайын аппарат менен издеген. Видео

А.Мамажакыповдун өлүмү: Шектүү М.Калыков тоодо «Ауди» болгонун прокурордун эсине салды. Видео

Прокурор А.Мамажакыповдун өлүмү: Окуя болгон күнү тартылган сүрөттү интернетке ким тараткан? (толукталды)

А.Мамажакыповдун өлүмү: Ичилген арак, «Лексус 470» жана прокурордун чалуусу тууралуу көрсөтмөлөр. Видео

А.Мамажакыповдун өлүмү: Шектүү М.Калыков тойдо прокурорлорду тейлеген. Орун басардын көрсөтмөсү. Видео

————————————-

2018-жылы 17-ноябрь күнү саат 22:10 чамасында Баткен шаарынын Турдумаматов көчөсүнөн «Лексус 470» үлгүсүндөгү унаа табылган. Аны кароо учурунда капталдарында кандын тактары болгон.

Баткен ОИИБдин кызматкерлери түнү бою иликтөө иштерин жүргүзүшүп, анын натыйжасында Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын батыш тарабындагы участкадан Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болгон сөөгүн табышкан. Бул жагдай боюнча Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы М.Калыков кармалган.

Аңчылыкка А.Мамажакыпов менен кошо 6 кесиптеши жана Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы чыккан. Унаанын ичинен 23 даана ок-дары табылган.

Бишкектеги маалымат жыйында ИИМдин тергөө кызматынын жетекчисинин орун басары Нурлан Утемисов Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Мелис Калыковдун тиешеси бар экендиги боюнча тана алгыс далил бар экенин билдирген.

Башкы прокуратуранын ыкчам издөө ишмердүүлүгүн жана тергөөнү көзөмөлдөө боюнча башкармалыктын жетекчиси Замир Бейшекеев Калыков менен Мамажакыпов унаадан уруша кетишкендигин айткан. Калыков кулап бара жатып кокусунан прокурорду башка атып алган. Андан кийин тамеки тартып, кокусунан курткасын өрттөп алган. Курткасын прокурор таштап салган.

Калыков күнөөсүн мойнуна алган эмес. Жабырлануучу тараптын жактоочусу далилдер бар экенин билдирген.

Бишкектеги маалымат жыйында ИИМдин тергөө кызматынын жетекчисинин орун басары Нурлан Утемисов ошол күнү аңчылыкка кимдер чыкканын айтып берген. Алар: Мамажыкыпов, Калыков, Байбосунов, Баткен облусунун прокурорунун орун басары Эмилбек Ажибеков, Баткен облустук прокуратурасынын бөлүм башчысы Алтынбек Кожоназаров, Баткен облустук прокуратурасынын бөлүм башчысы Уланбек Эгембердиев, Баткен районунун прокурору Мирлан Калыбеков, «Столичный вино-водочный завод» ЖЧКнын Баткен облусу боюнча өкүлү Базарбек уулу Эрнис.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE