Пример HTML-страницы

Лейлекте чек араны мыйзамсыз бузуп өтүп жүргөн чет өлкөлүк жаран кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен облусунун Лейлек районунда мамлекеттик кайтарууда турган чек араны мыйзамсыз бузуп өтүп келип жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Лейлек РИИБдин Катраң айылдык милиция бөлүмчөсүнүн милиция кызматкерлери ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Катран айыл аймагына караштуу Баул айылынан чет өлкөнүн жараны 36 жаштагы К.Ш.ны аныктап кармаган. Анткени бул жаран Кыргыз Республикасынын кайтарууда турган мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз бузуп өтүп, кыргыз өлкөсүндө жашап, иштеп жүргөндүгү аныкталган.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин (мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) негизинде кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Учурда кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE