Пример HTML-страницы

Кочкордогу мергенчилер эки карышкырды жок кылып, бөлтүрүктөрүн издеп жатышат. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushКочкор районунун алыскы Жеке-Тайлак жайлоосунан эки карышкыр атылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга мергенчилер билдиришти.

Бул эки карышкыр Ак-Таш, Жер-Көчкү айылдарындагы Жалак-Бел жайлоосунда малчылардын тынчын алып келген. Ошол аймактарды байырлап, малчылардын малына кол салып, ошол жерлерде тууп, бөлтүрүктөрүн чоңойтуп жаткан. Сыртпай, Айдар аттуу мергенчилер карышкырларды аңдууга алып, төрт бөлтүрүгүн ээрчиткен карышкырды көрүшкөн. Карышкырга ок тийип, бөлтүрүктөрү качып, ийинге кирип кетишкен.

Атылган карышкыр дөбөт карышкыр болгон. Андан кийин мергенчилер ургаачы карышкырды издеп, түн ичинде атып алышкан. Учурда анын бөлтүрүктөрү изделип жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE