Пример HTML-страницы

Кочкордо күнүнө 32 тоннага чейин таштанды чыгарылат

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Кочкор районундагы эл көп жайгашкан Кочкор айыл өкмөтүнүн тазалыгын караган «Тазалык» ишканасы атайын техникага муктаж.

Муниципалдык ишкананын жетекчиси Алмаз Асеитовдун айтымында, ишкананын кызматкерлери бир күндө 24 тоннадан 32 тоннага таштанды чыгарат. Ишканада жалпы 31 адам эмгектенет.

«Кочкор-Тазалык» ишканасы 1996-жылга чейин коммуналдык чарба болуп келген. 2015-жылдан тартып Кочкор айыл өкмөтүнүн алдында муниципалдык ишкана болуп түзүлгөн. Кочкор айыл өкмөтүндөгү Кочкор, Теңдик, Исакеев айылдарынын тазалыгын карайт. Таштандылар райондун борборунан 20 чакырым алыстыктагы Кулаган-Акташ аймагына алынып барылып, төгүлөт. Таштанды дагы калькуляция менен эсептелинет. Март айынан тартып ар бир түтүн 150 сомдон төлөп баштады. Калган сумма айыл өкмөттүн бюджетинен жардам катары берилет. Айыл өкмөттө 3 миң 500 түтүн каттоодо турса, таштанды акысын төлөөгө жарамдуу түтүндөр гана төлөйт. Мисалы, айрым жашоочуларга жеңилдиктер каралаган. Айылдарга техникалар график менен барып, таштанды жыйнап кетишет. Ал эми Кочкор айылынын борборундагы таштандылар күнүгө эки жолу алынат», — деди Асеитов.

Ал эми ишкананын кызматкерлери таштанды төгүүчү жайды жумасына бир жолу тазалап турушат. Кочкор айыл өкмөтүндө таштанды таштоого кенен жер жок болгондуктан Семиз-Бел айыл өкмөтүнөн жер ижарага алынган.

«Ишканабызда бир эле атайын техника бар. «ГАЗ-53» унаалары бар болгону менен алардын көлөмү аз жана жумушчуларга бир топ ыңгайсыздык жаратат. Буга чейин Кочкор айылына таштанды челектерди койгонбуз. Бирок ашканалар тамактардын калдыктарын таштап, атайын унаа болбогондуктан аларды кызматкерлер кол менен тазалаган күндөр болгон. Кышында айыл тургундары оттун ысык күлүн кошо таштандыга чыгарып салып, унаабыз күйгөн да учурлар катталган», — деди жетекчи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE