Пример HTML-страницы

Кара-Көлдөгү түнкү рейдде уурулукка шектүүлөр кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushКара-Көл шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алуу максатында атайын рейддик иш-чараларды өткөрүштү.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, Кара-Көл шаарына караштуу Кетмен-Төбө айыл аймагында түнкүсүн ата-энесинин коштоосу жок жүргөндөр жана түнкү оюн клубдары текшерилип, бир топ өспүрүмдөр жана укук бузган жарандар аныкталды.

Натыйжада КР Укук бузуулар жѳнүндѳ кодексинин 127-102-74-беренелеринин негизинде милиция кызматкерлери жалпы 53 протокол түзгөн. Рейддин жүрүшүндө аймактык тескөөчүлөр тарабынан буга чейин катталган 3 уурулук фактысынын бети ачылып, кылмышка шектүү болгон жарандар тергөөгө жеткирилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE