Пример HTML-страницы

Кадамжайдагы мал базарда малдын биркалары текшерилди

Акыркы жанылыктар

TurmushКадамжайда чөнтөк ууруларынан сак болууга чакырган түшүндүрүү иштери жүрдү. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Кадамжай районунун Марказ айылындагы мал базарда милиция кызматкерлери калк арасында мал, чөнтөк уурулуктарын алдын алуу багытында түшүндүрүү иштерин өткөрдү. Ага катар эле жергиликтүү ветеринарлар менен биргеликте мал базарга келген малдын биркалары текшерилди. Мал ээлерине базарга келген малдын кулагындагы биркалары жана жергиликтүү ветеринардан алынган маалымдамасы болуусу керектигин эскертилди.

Марказ айылдык милиция бөлүмчөсү тейлеген аймакта жыл башынан бери бодо мал уурдалган 9 факты катталып, милиция кызматкерлери аркылуу табылып өз ээсине кайтарылып берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE