Пример HTML-страницы

Кадамжайдагы адамдын унаасынан мылтык табылы

Акыркы жанылыктар

TurmushКадамжай районунда ок атуучу куралды мыйзамсыз сактап жүргөн 32 жаштагы адам кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кадамжай РИИБдин Ж.Садиров атындагы Бүргөндү айылдык милиция бөлүмчөсүнүн аймактык ыйгарымдуу өкүлү 9-марттан 10-мартка өткөн түнү саат 00:00 чамасында Ак-Турпак айыл аймагынын «Торговый» базарында коомдук тартипти көзөмөлдөп жүрүп, «ВАЗ 2106» үлгүсүндөгү унааны текшерген. Анын айдоочусу, Ак-Турпак айыл аймагынын Чоң-Кара айылынын 32 жаштагы тургуну М.Д. унаанын алдыңкы орундугунда эч кандай документи жок мылтыкты алып жүргөндүгү аныкталган.

Учурда ок атуучу курал алынып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE