Пример HTML-страницы

Качып жүргөндө кармалган өгөй ата 12 жылга камалды

Акыркы жанылыктар

TurmushКара-Буура районунда өгөй кызын зордуктоого шектелген адам 12 жыл 6 айга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу жабырлануучу кыздын жактоочусу Луиза Сүйүнтбекова билдирди.

«Бүгүн, 15-март күнү Кара-Буура райондук сотунда өгөй кызын зордуктаган адамды катуу режимде 12 жыл 6 айга эркинен ажыратуу боюнча өкүм чыкты», — деди ал.

Окуя тууралуу:

29-июнда Turmush басылмасына Акыйкатчы институтунун Талас облусундагы өкүлү Жакшыгүл Узакбаева Кара-Буура районунда 16 жаштагы өгөй кызын зордуктоого шектелген 50 жаштагы адам табылбай жатканын билдирген.

Маалыматка караганда, Акыйкатчы институтунун Талас облусундагы өкүлчүлүгүнө Талас районунун 1986-жылы туулган Н.Т. аттуу тургуну (аял киши) арыз менен кайрылган.

«Бизге 1986-жылы туулган аял кайрылды. Ал убактылуу Талас районунун тургуну экен. 3 баласы менен биринчи турмушунан ажырашып, Кара-Буура районунун 1971-жылы туулган тургунуна турмушка чыккан экен. Экинчи турмушунан 1 уул, 1 кыздуу болуптур. Биринчи жолдошунан туулган 2004-жылкы кызын экинчи жолдошу 2019-жылдан бери (13 жашынан бери) зордуктап жүрүптүр. Жакында эле кызынын 5 айлык боюнда бар экенин билип калганда, зордуктаган адам өгөй атасы экени билинген. Кызы «апаңа айтсаң, 2 иниңди, апаңды, өзүңдү өлтүрөм» деп коркутуп жүргөнүн айткан экен.

Бул тууралуу 20-июнь күнү апасы Кара-Буура РИИБге арыз жазыптыр. Ошондон бери өгөй атасы качып кетип, учурда жүргөн жери белгисиз болуп жатканын айтууда. Бизге бул ишке көмөк көрсөтүү максатында арыз жазды», — деген ал.

Бул окуяны Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктаган болчу.

«22-июнь күнү саат 20:48 чамасында Кара-Буура РИИБдин 102 кызматына 1986-жылы туулган тургун маалымат берип, кызын өгөй атасы Б.Б. күч колдонуп зордуктап жүрүп боюна бүтүрүп койгонун билдирген. Оперативдик ыкчам тобу окуя болгон жерге барган учурда Б.Б. качып кетип, жүргөн жери белгисиз болуп жатканы аныкталган. Текшерүү учурунда жабырлануучунун апасы кызынын зордукталганын уккандан кийин ошол замат барбай, аймактык милицияга 4-5 күн өткөндөн кийин кайрылганы белгилүү болгон. Зордукталган кыздын апасы шектүү менен өз ара сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, убакыт өтүп кеткенин билдирген.

Аталган факт 23-июнда Кара-Буура РИИБде Жазык кодексинин 161-беренеси (зордуктоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Кылмыштын бетин ачуу максатында Б.Б.нын жүргөн жерин тактоо боюнча багыттамалар берилип, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Аны издеп табуу боюнча милиция кызматкерлери тарабынан атайын күч-каражаттар жумшалып, ыкчам-тергөө амалдары жүргүзүлүүдө», — деп айтылган милициянын маалыматында.

Кыздын апасы окуянын чоо-жайын айтып берип, милиция кызматкерлерине ишенбей жатканын билдирген.

«Менин биринчи турмушум болбой калып, 2011-жылы ажырашканбыз. Ал жерден 2004-жылы төрөлгөн кызым, анан 2 уулум менен келгем. 2014-жылы экинчи жолу Кара-Буура районуна келин болгом. Башында 2 уулум менен барып жашагам. «Деги кабагың ачылбайт. Кызыңды сагынып жатат окшойсуң. Кызыңды өзүбүзгө алалы» деп кийинчерээк алып келдик. Ошондо кызым 4-классты аяктап, 5-класска көчкөн. 2015-жылы экинчи жолдошумдан биринчи кызыбыз төрөлдү. Анан уулубуз 2017-жылы туулган.

Балдардын көзүн карап, аябай тили бал эле. Ошол үчүн уруп-сокконуна карабай, бул дагы ажырашып келди дебесин деп жашап келе жаткам. Жолдошум тараптан кызыма жасалган эч кандай аракеттерин көрүп, билген эмесмин. Биринчи жолу эстесем, 2019-жылы кенже уулубуз 2 жашта эле. Ал ооруканага түштү. Менин өзүмдүн да жүрөгүм ооруп, «приступ» болот. Уулубуздун дагы жүрөгүндө дарты бар экен. «Тезинен операция жасабасаңар аман калбайт» дешти. Биз тез арада мал сатып, Кореяга операцияга алып кеттим. Ал жакта 1 айга жакын убакыт жүрүп келдик. Балабыздын операциясы ийгиликтүү аяктап, үйгө келгенбиз.

Келип эле адаттагыдай уй саайм деп чыктым. Кийимим кир болбосун деп сарайдагы эски кийимдерди алдым. Алсам эле ичинен жолдошумдун ак көйнөгү түшүп кетти. Оролуп жаткан экен. Ачсам «розовый» кан болгон тагы бар экен. Мен аны көрүп эле жүрөк оорум кармап калды. Күйөөм үйгө көтөрүп кирип, суу чачып тургузушту. Мен андан эмне деп сурасам «меники эмес, билбейм» деп койду. Кызым дагы билбейм деп жооп берди. Ал кезде кызымдын этек кири келе элек болчу. 13 жаштагы кичинекей кыз эле.

Мурун жакшы окуган кызым акыркы жылдары шылкыйып эле эч нерсеге көңүлү жок калды. Мен бул үйдөгү уруштардан улам го деп ойлоп койчумун. 1 жылдан бери этек кири келе баштаган. Мен ай сайын көзөмөлдөп, керектүү буюмдарын алып берип жаткам. Бир дагы мен шекший турган эч нерсе болгон жок. Мен 10 күн мурун эле билип отурам. Төркүнүмө барып, элдин жерин чаап иштеп жүргөнбүз. Мен кызымды, анан уулумду алып, талаада иштегени чыгып жүргөнбүз. Ал акчанын баары өзүбүздүн талааны иштеткенге кетип жаткан.

Кечинде жеңем менен отурганбыз. Анан кошуна келин ич кийим сатып келди. Кызыма да төшүнө ич кийим алып берейин деп, «башка бөлмөгө кирип кийип кел» дедим. Келгенде жеңем «бул кыздын төшү бат чоңоюп кетиптир, айрылып кеткен го. Боюнда барда ушундай болот го» деп айтты. Мен ар бир айда текшерип жатам деп өзүмө ишенип, «чоңоюп жатат» деп айтып тим болдук. Бирок ичим өзүнөн-өзү бук болуп, түнү менен уктай албай келме айтып, тынчсызданып чыктым. Эртең менен туруп эле төшөгүн ачып карадым. Карасам эле курсагы чыгып турат. Мындай жүргөндө таңып алчу экен. Төшү да чоң болуп, семиргендей эле көрүнчү. Ал эми ошол учурда так, даана көрдүм. Буга жеңем дагы күбө болду. «Мага эмнеге айтпайсың?» деп жиним келди. Ичимден кантип байкаган жокмун деп да өзүмдү жеп жаттым. «Ким кылды?» деп кыйкырсам, жооп бербей эшикке чыгып кетти. Жеңем эшиктен алып келди. Анан «атаңбы?» деп кыйкырсам, «ооба» деп бакырып ыйлады.

Көрсө ал 2019-жылдан бери кызымдын 13 жашынан бери мен үйдө жок кезде ыпылас ишин кылып жүргөн экен. «Эмнеге айткан жоксуң?» десем, «айтсаң сени, 2 иниңди, апаңды кошуп өлтүрүп коём» деп коркутчу экен. Мунун баарынан кийин өзүмө келе албай жатам. Бирин эстесем, бирин унутуп коём.

Мен 20-июнь күнү Кара-Буура РИИБге арыз менен кайрылдым. Ошол күнү айылда эле жүргөнүн айтышууда. Бирок милиция бүгүнкү күнгө чейин таба албай жатат. Мен милицияга ишенбей жатам. Бул жерде өздөрү жаап-жашырып да коюшу мүмкүн деп ойлоп жатам. Азыр жолдорум ушундай торолуп турат. Кызымдын жанында такай болбосом, өзүн-өзү бир нерсе кылып коёбу деп корком. Андан башка 4 балам бар. Аларга да оокат керек.

Анан ушул күч органдарынан суранаарым, тезинен кармап, өзүнүн жазасын алса дейм. Анткени бул жерде баарыбыздын, өзгөчө кызымдын коопсуздугу кооптуу болууда», — деген ал.

Шектүүнүн бир туугандарынын жоругу:

Кийин сентябрь айында зордукталды делген кыздын апасы А.А. кыз жакында көз жара турганын айткан.

«Азыр төркүнүмдүн үйүндө жашап жатабыз. 3 балам мектепке барууга даярданып жатышат. Аларга кийимине акча табам деп күн сайын талаадан машак терип жатам. Эптеп оокат кылуунун айласы менен жүрөм. Кызымдын ай-күнү келип калды. 8 айдан ашты деп көрсөтүп жатат. Анализдери жакшы чыгып жатат.

Биз кеткен соң туугандары күйөөмдүн жер тилкелерин талашып, бир жер тилкесин өздөрүнө жаздырып да алыптыр. Милиция кармай албай жатат. Бирок бардык эле туугандары ал каякта жүргөнүн билишет. Менин билишимче ал өзүбүз жактан алыс эмес тоодо жүрөт. Мурун үйдө «спальный» мешогу бар болчу. Аны бир кошунабыз сурап кеткен. Ал аны алып кеткенин мен, анан күйөөм билчү. Жакында эле күйөөмдүн иниси кошунабызга барып, «аны бер деп жатат» деп алып кетиптир. Ал билип, анан барды да. Тоодо адам жаткан мүшөктүн кимге кереги бар? Ошол өзү алдырып эле, тоо тарапта жүрөт.

Эми ушундай өкүнүчтүү нерсе болуп калды. Аман-эсен көз жарып алса деп отурам. Быйыл 1 гектар жерден 8 кап төө буурчак алдык. Пайызга акча алганбыз, аны ошол жакка берип, эч нерсеси жок отуруп калдым. 5 балам менен эмне оокат кылабыз? Кудайдан гана суранып, анан убактылуу элдин талаасында иштеп жүрөм», — деген ал.

Ал эми Талас ОИИБ өгөй атаны издөө иштери уланып жаткандыгын кабарлаган.

«Издөө иштери уланууда. Бүгүнкү күндө табыла элек», — деп айтылган маалыматта.

Өгөй ата Бишкектен кармалган:

Андан кийин Талас ОИИБдин басма сөз кызматы 2021-жылдын 4-ноябрында 16 жаштагы өгөй кызын зордуктоого шектелген адам Бишкек шаарынан кармалганын кабарлаган.

Маалыматка караганда, 1971-жылы туулган Б.Б. зордуктоо беренеси боюнча кылмышка шектелип, бирок изин жашырып качып кеткенине байланыштуу издөө жарыяланган. Милиция кызматкерлеринин аракетинин негизинде ал 3-ноябрда Бишкек шаарынан кармалып, Кара-Буура РИИБге жеткирилген. Ал жакын туугандарынын үйүндө жашырынып жүргөн.

Кийин өгөй атасынан кош бойлуу болду делген 16 жаштагы кыз көз жарганы белгилүү болгон.

«Ал социалдык коргоого алынып, айыл өкмөт тарабынан ар кандай жардамдар берилип жатат. Операция жолу менен салмагы 4 кг ымыркай төрөлдү. Төрөтү оор болуп, андан кийин ооруканада 10 күндөн ашык жатып чыкты. Учурда эне-баланын акыбалын улам көзөмөлдөп жатабыз. Үйүнө 250 кг көмүр, 1500 сом акчалай жардам, андан мурун 5 миң сом жардам берилген», — деп айтылат жергиликтүү бийликтин маалыматында.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE