Пример HTML-страницы

Гүлнара Медетова 14 миң сомго чейин бааланган гүлдөрдү өстүрөт. Ал кантип витамин жасоо керектигин айтып берди

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарынын тургуну Гүлнара Медетова 28 жылдан бери гүл өстүрүү менен алектенет. Ал учурда 68 жашта.

Өзүнүн айтымында, мектепте биология сабагынан мугалим болуп да иштеген.

«Пенсияга чыкканыма 5 жыл болду. Үч кыз, бир уулум бар. Кыздарымды турмушка узатып, уулумду үйлөнтүп, үйлүү-жайлуу кылганбыз. Эми жолдошум экөөбүз небере карап жатабыз.

Учурда үйдө 150дөн ашык гүл бар, гүлдүн 46 түрүн өстүрүп келем. Гүлдөрдүн баарын үйдө өстүрөм, чоң бөлмөгө, коридорго, күн тийген жерге коюп коём. Менде кичинесинен баштап чоңуна чейин бар. 14-15 жылдык гүлдөрдү да өстүрөм. Алардын баасы 100 сомдон 14 миң сомго чейин болот. Ар бир гүлгө өзүнчө мамиле жасаш керек. Гүлдөрдүн да адам сыяктуу көңүлү бар, суу куйбай жүрө берсең таарынат. Аларды карап, жакшы мамиле кылсаң, сага да кооздугу менен жооп берет», — деди ал.

Гүлнара Медетова гүлдөргө кантип кам көрөрүн айтып берди.

«Гүлдөргө жумасына 2-3 суу куюп, күнгө алып чыгып турам. Ар бир гүлгө өзүнө ылайыкталган гана суу куюш керек, ашыкча куюлуп кетсе, гүлдөр соолуп, үшүк уруп кетет. Суу менен кошо үй шартында витаминдерди жасап колдонсо болот. Мисалы, банандын кабыгын, ошондой эле картошка, пияз, деги эле күнүмдүк колдонуп жаткан азыктардын калдыктарын сууга бир күн салып, гүлгө куйса да болот. Бул гүлдүн өсүүсүнө жардам берет жана түс кошот», — деди Гүлнара айым.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE