Пример HTML-страницы

Эркектер артты карап, аялдар ар кайсы жерге отуруп… Чаектин тургуну айылда эмне болуп жатканын айтып чыкты

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Жумгал районунун Чаек айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары боюнча жыйын өттү.

Жыйынга айыл өкмөттүн кызматкерлери, айыл башчылары, депутаттар жана муниципалдык кызматтын адистери, ошондой эле айылдын аксакалдары катышты.

Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Рустам Алымкулов элге жылдык отчетун берип, 2023-жылы аткарыла турган иштерине токтолду. Анда бул жылы Чаектеги Таттыбүбү Турсунбаева атындагы мектеп-гимназиясы толугу менен оңдолуп, пайдаланууга берилет. Андан кийин Мидин Алыбаев атындагы орто мектебинин оңдоп-түзөө иштери башталат. Алтынбек Шабданбек уулу атындагы бала бакчасы капиталдык оңдоодон өтүп, күрөш залы пайдаланууга берилет. Чаек айылында таза суу тармагы жаңыртылып, бүт түтүктөр алмаштырылып, саркынды сууну алып өтүүчү канализация тартылат. Андан тышкары кирпич заводун ачуу пландалууда.

Жыйында айыл тургуну Жылдызбек Актаев акыркы 3 жылдан бери ажаткана маселесин көтөрүп, башкы прокурор Курманкул Зулушев келгенде да айтылганын белгиледи.

«4,5 млн сомго ажаткана салам дебедиң беле. Бул жылдын планында жок го. Акимчиликтин артында ажаткана салынып жатат дедиңер эле. Кирсең, бут коерго жер жок. Ичине кире албайсың. Жок дегенде тазалап, муздарын чаап койбойсуңарбы. Муну кылам, тигини кылам деп мактанып жатасың. Алардан мурун шарты бар коомдук ажаткана салып койбойсуңарбы. Эркек кишилер чыдабай калса, артты карап ушата берет экен. Аны көрүп жатасыңар. Ал эми аялдар ар кайсы жерге отуруп жатат. Жолдун, суунун жээгине… Эгер ажаткана салып бербесеңер, кол топтоп, президентке барам.

Мекенди сүйгүлө, маданияттуу болгула дейсиңер, маданият ошол жактан башталат. Анан кайсы маданиятты айтып жатасыңар? Элдин баары көчөдө заара ушатып жатса… Башкы прокурор келгенде да айттым эле, кана?», — деди Актаев.

Чаек айыл өкмөт башчысы Рустам Алымкулов 4 млн сомго долбоор даярдалганын, бирок жер жок экенин билдирди.

«Мамлекеттин жерлерин алып, кайра кайтарып бербей жатышпайбы. Өйдө жактагы септиктин ордун ээлеп алышкан. Ызы-чуу болуп, кайтара албай жатпайбызбы. Убактылуу деп салып койдук», — деди Алымкулов.

Айыл тургуну Жылдызбек Актаев убактылуу деп салынган ажаткана убагында тазаланбай жатканына дагы бир жолу нааразы болду.

Акимдин орун басары Фатима Өмүралиева акимчиликтин артындагы ажаткананы жакында тазаланарын айтты.

«Негизи ажаткана маселеси боюнча туура суроо болду. Айыл өкмөтү муну да карап койсоңор. Ал эми акимчиликтин артындагы ажаткананы тазалоо боюнча иштер жүрүп жатат. Ал боюнча 8 мекеме жетекчиси менен сүйлөштүк. Ал жак тазаланат. Анан ажаткананын маселесин чечпесек болбойт. Чынында 3 жылдан бери эч чече албай келе жатабыз», — деди Өмүралиева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE