Пример HTML-страницы

Аравандан Россия жана Казакстанга 530 тонна кокон гилас экспорттолду

Акыркы жанылыктар

TurmushБыйыл аравандык багбандар 530 тонна кокон гилас экспорттошту. Бул тууралуу Араван райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Пайзилла Мирзабарамов билдирди.

Анын айтымында, быйыл жаан-чачын көп болуп, аба ырайы эрте жаздан катуу ысып кеткендиктен Араванда кокон гиластин түшүмдүүлүгү аз болгон. Бирок баасы өткөн жылдарга салаштырмалуу кымбат. Кыргызстанда мөмөмүн бул түрү Россия жана Казакстанга экспорттолот.

«Быйыл түшүм аз, бирок баа жакшы. Дүң баада 180 сомдон, 300 сомго чейин сатылып жатат. Маңгыт жана Керме-Тоо айыл аймактарында кокон гиластин түшүмү жакшы болду. Ушул аймактарда азыр терилип? сатылып жатат. Башка аймактагылар сатылды. Жалпы 530 тонна Казакстан жана Россияга экспорттодук. Калган гиластар ички базарларда сатылууда. Жаан-чачын көп болуп, күн катуу ысып кеткендиктен кокон гиластын түшүмдүүлүгү көп айыл өкмөттөрдө жакшы болгон жок», — деди Мирзабарамов.

Өткөн 2021-жылы Араван району 450 тоннадан ашуун кокон гилас экспорттогон. Түшүм мол болуп, бирок нарк төмөн болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE