Пример HTML-страницы

Дунган жигитине турмушка чыккан ысык-көлдүк Кыялдын кызыктары

Акыркы жанылыктар

Turmush«Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы — Ысык-Көл районунун Тамчы айылынын 40 жаштагы тургуну Кыял Абдыкасымова. Аны менен Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маек курду.

«Тамчы айылында төрөлүп-өскөм. Турмуш жолуна 18 жашымда аттандым. Жолдошум Таалайбек Машанло экөөбүз бир көчөдө жашачубуз. Ал мени 6 жашымда көрүп, ички туюмунда келечекте менин жубайым болот деп жүргөнүн тамашалап калат. Жолдошум менден 6 жашка улуу болгондуктан таанычу деле эмесмин. Айылдык маданият үйүндө дискотека болор эле. Аны менен 11-класста окуп жүргөндө бий аянтчасынан таанышып калганбыз. Ага чейин жолдошумду өзүм жашаган көчөдөн көргөн болчумун. Сабактан келерим менен короо шыпырып, бир азга тыныгып туруп калдым. Жолдо ак көйнөк, ак шым кийип алып, үйүн көздөй бет алган жакшынакай байкеге көзүм түштү. Жанымдан өтүп баратканынан «Саламатсызбы» деп учураштым. Алик алып, сапарын улап кетти. Дароо көңүлүм көтөрүлүп, «Таалай байке ушул турбайбы» деп эмнегедир аябай сүйүнгөм. Ошентип кыз-жигит катары сүйлөшүп, мамилебиз бекиген сыяктуу болуп калды. Мен мектепти аяктаган соң жолдошум үйлөнүү сунушун киргизди. Ошентип 1998-жылы февраль айында баш коштук», — деди ал.

Анын айтымында, кайнатасы дунган улутунан болсо, кайненеси кыргыз.

«Жолдошумдун атасы биз үйлөнө электе каза болгон. Үй-бүлөдө 11 бир тууган, үйдүн улуусу. Ата-энем жана кайненем биздин сүйлөшүп жүргөнүбүздү билишер эле. Эки тараптан тең каршылык болгон жок. Жолдошум Тамчы айылында жайгашкан «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда радиотехник болуп эмгектенет.

Мени жогорку окуу жайдан жолдошум окутту. Кесибим боюнча экономистмин. Учурда Тамчы айыл өкмөтүндө иштейм. 2 уул жана 1 кызыбыз бар. Уул жана кызыбыз университетти аяктап, өз кесиби боюнча иштеп жатышат. Ал эми кичүү уулубуз 5-класстын окуучусу», — деди ал.

Каарманыбыз эмнеге «эрке келин» деген атка конгонун айтып берди.

«Жаңы турмушка чыкканда айылдын кызы болгонгобу кайненемди апа деп айтканга көнө албай, абдан кыйналып жүрдүм. Баарынан да «Мария эже, чай ичиңиз» деп чакырып алганым эсимден эч кетпейт.

Кыргызда, айрыкча Ысык-Көл жергесинде келиндин жүгүнгөнү бар эмеспи. Мен жаштык кылып, улууларга жүгүнгөндү да унутуп койчумун. Бирок апам (кайнене) эч бир кыр, сыр көрсөтпөстөн күлүп коёр эле. Үйдүн улуусу болгон соң аз убакыттан кийин эле өз алдынча бөлүнүп жашап калдык.

Жолдошум мени «эркесиң» деп көп айтат. Өз айылымдагы жигитке турмушка чыгып, кайын журтум «биздин кыз» деп жатышса, эркелебей коюуга болобу?», — деп сөзүн жыйынтыктады К.Абдыкасымова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE