Пример HTML-страницы

Чалдыбарда эт саткан Н.Кыдыралиев арпа өстүрүүнү колго алды

Акыркы жанылыктар

TurmushЖашоо-турмушун мал жана айыл чарбасында эмгектенүү менен өткөргөн Нурлан Кыдыралиев Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу Чалдыбар айылынын 41 жаштагы тургуну. Анын Казакстан менен чектешкен аймактагы жашоосу менен аймактык кабарчы таанышты.

«Чүйдө 8500дөн ашуун калк жашаган Чалдыбар айылы Казакстан менен чектешип турат. Анда жергиликтүү тургундардын басымдуу бөлүгү мал жана айыл чарбасында эмгектенет. Ушул айылда төрөлүп, жетилип, үй-бүлө күттүм. Учурда 1 уул, 3 кызым бар. 7 жылдан бери кой, бука, кунажындын этин сатам. Анын баасы 500-550 сом. Бул жайда эл каттамы көп болгондой сезилгени менен соода-сатык жумуштарыбыз солгун. Көбүнчө туруктуу кардарларыбыз — жергиликтүүлөр. Пенсиядагы адамдарга, аскер кызматкерлерине, мугалимдерге, дарыгерлерге убактылуу карызга да берип турабыз. Алар эмгек маянасы тийгенде дароо алып келип беришет. Ооба, биз бир айылда жашагандыктан, бири- бирибизди жакшы тааныйбыз. Өзүм ишенимдүү кишилерден малды тандап, сатып алып, таза, сапаттуу эт сатам. Сөөктөрдү сурагандарга акысыз эле берем. Тапкан пайдабыз жашообузга кеңири жетет. Мындан сырткары айыл чарба багытында 5 га жер иштетем. Үйдө кой баккандыктан, өткөн жылдары беде өстүргөм. Быйыл ал жерди кайда айдап, арпа өстүрүрүүгө кириштим», — деди ал.

Чалдыбар айылы — Фрунзе айыл аймагында жайгашкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE